Гаага шаарында Алмаз Исанов Кыргызстанда санариптик маалыматтарды колдонуу тажрыйбасы тууралуу айтып берди  

  • 5 месяцев мурун

Президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов Гаага шаарында (Нидерланды) өткөн тегерек столго катышты. 

Алмаз Исанов «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүк концепциясы, этникалык азчылыктар боюнча маалыматтарды чогултуу анализи жана «Түндүк» тиркемеси аркылуу санариптик маалыматтарды колдлнуу тажрыйбасы тууралуу айтып берди.  

Иш-чарага Борбор Азия, Кавказ, Балтика жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү азчылыктарга тиешелүү мандаты бар борбордук бийлик органдарынын, ведомстволордун жана институттардын өкүлдөрү катышты.

Бул тууралуу МинКаб басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты