Электрондук эмгек китепчеси ишке киргизилет
- 2 года мурун
Санариптик өнүктүрүү министрлиги «е-Kyzmat» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун бир бөлүгү болгон «Электрондук эмгек китепчеси» (ЭЭК) модулун сунуштады.
Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, электрондук эмгек китепчеси эмгек ишмердүүлүгүн эсепке алууну кыйла жөнөкөйлөтүп, процессти ачык-айкын, ыңгайлуу жана оперативдүү кылат.
Маалыматтарды борборлоштурулган түрдө сактоо аларды жоготуп алуу же жасалмалоо коркунучун жокко чыгарып, кагаз түрүндөгү документтердин жүгүртүлүшүн азайтып, тутумду экологиялык жактан таза кылат.
11-октябрда «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын базасында тутумдун сыноо версиясы көрсөтүлдү. Мамагенттиктин жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү модулдун функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жана эмгек ишмердүүлүгүн эсепке алууну автоматташтыруу үчүн болгон артыкчылыктарын жогору баалашты.
2024-жылдын 1-декабрына чейин пилоттук сыноо башталаары күтүлүүдө. Пилоттук этап ийгиликтүү аяктагандан кийин модулду улуттук деңгээлде кеңири жайылтуу пландалууда.
Сүрөт: digital.gov.kg




