Футбол боюнча улуттук курама команда Азия кубогуна катышуу үчүн Доха шаарына барды

  • 5 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасы кечээ, 6-январда Азия кубогуна катышуу үчүн Катар мамлекеттинин Доха шаарына барды.

Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.  

Катарда 12-январдан 10-февралга чейин өтчү Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө 24 команда тандалат.
Мелдештерге даярданып, курама команда алгач Ысык-Көлдө машыгып, 19-декабрдан бери Бириккен Араб Эмираттарында текшерүүчү оюндарды өткөргөн.

Кыргызстан F тайпасында 16-январда Тайланд, 21-январда Сауд Аравиясы, 25-январда Оман командасы менен ойнойт.

Улуттук курама команданын тизмеси бул шилтемеде.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты