ФСБ «Вагнерге» каршы козголгон кылмыш ишин токтотту

  • 10 месяцев мурун

ФСБ «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын Москвага жасаган жортуулунан кийин козголгон кылмыш иши токтотулганын жарыялады.

Буга чейин Кремль бул ишти «Вагнердин» башчысы Евгений Пригожин менен түзүлгөн келишимдердин алкагында жабууга убада кылган.

Козголоңдун натыйжасында кеминде 10 орус аскери набыт болуп, миллион калкы бар шаар бийликке баш ийбеген куралдуу топтун көзөмөлүнө өткөн.

ФСБнын билдирүүсүндө коопсуздук кызматы «козголоңдун катышуучулары түздөн-түз кылмыш жасоого багытталган аракеттерди токтоткондугун аныктады» деп айтылат.

Орусиянын кылмыш-жаза кодексине ылайык, куралдуу козголоң сыяктуу өзгөчө оор кылмыштар боюнча «Кылмышка даярдануу» беренеси күчүнө кириши керек. Бирок бул боюнча иш козголгону айтылган жок.

2013-жылдын февралында Башкы чалгындоо башкармалыгынын полковниги Владимир Квачков козголоңго даярдануу беренеси боюнча соттолгон. Ал катаал режимдеги колонияга 13 жылга кесилген. Кийинчерээк Жогорку Сот жазаны 8 жылга кыскарткан.

24-июнга караган түнү кезинде орус президенти Владимир Путиндин эң жакын адамдарынын бири деп сыпатталып келген Евгений Пригожин Орусиянын аскердик жетекчилерине каршы чыгып, “адилеттик жүрүшүн” баштаганын жарыялаган. Пригожин өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу баштаган аскердик жетекчилерди “Вагнердин” позицияларына сокку урду деп күнөөлөп, армия башчыларын жемкорлукка айыптаган.

“Вагнерчилер” Орусиянын Украинадагы согушунда жигердүү күчкө айланып, миңдеген кишиси набыт болду.

“Вагнер” жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин 25-июнда Беларустун башчысы Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин өзүнүн куралдуу козголоңун токтоткону кабарланган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Пригожин Москвага жакындап калган “адилеттик жүрүшүн” токтотууга макул болгону айтылган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Пригожин “Беларуска кетерин” билдирген.

Ал арада Орусияда “Вагнердин” курамына жаңы жалданма жоокерлерди кабыл алуу иши кайра жанданганы кабарланууда. ТАСС агенттиги дүйшөмбү күнү кабыл алуу жайлары Новосибирск жана Тюмень шаарларында ачылганын жазды. “Вагнердин” 24-июнда алынган жарыялары кайра калыбына келтирилүүдө. “Ротонда” басылмасы Санкт-Петербург шаарында “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын кеңсеси кайра иштей баштаганын кабарлады.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты