Франция Сириянын президенти Асадды камакка алууга ордер берди

  • 5 месяцев мурун

Франция Сириянын президенти Башар Асадды камакка алуу жөнүндө эл аралык ордер чыгарды. Асад жана дагы үч санаалашы калкка каршы тыюу салынган химиялык курал колдонгон деп айыпталууда.

Бул тууралуу Civil Rights Defenders укук коргоо уюму билдирди.

Мунун алдында 2013-жылы Чыгыш Гута районундагы жана Дума шаарындагы химиялык курал колдонулган деп шек саналган эки чабуул иликтенген. Ошондо 3 миңден көп киши каза болгон.

Франциядагы иликтөө 2021-жылдын мартында, чабуулдарда аман калгандардын арыздарынан кийин башталган. Укук коргоочулардын айтымында, бир өлкөнүн жетекчисин камоо буйругун башка мамлекет биринчи жолу чыгарып отурат.

2013-жылы Сирия химиялык куралга тыюу салуу уюмуна кошулган. Уюм Дамаскини жарандык согушта химиялык куралды пайдаланган деп бир нече жолу айыптаган. Сирия бийлиги мындай айыптоолорду четке кагууда.

Сүрөттө: Башар Асад. Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты