Франция Палестинаны мамлекет катары тааныды
- 4 месяца мурун
Франция Палестина мамлекетин расмий тааныды. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Эммануэл Макрон БУУнун Палестина боюнча саммитинде билдиргенин Le Monde басылмасы жазды.
Франциядан кийин Монако, Люксембург, Мальта жана Андорра Палестина мамлекетин тааныды.
“Араб мамлекетин (Палестинада) түзүү убадасы эмдигиче аткарылбай келет”. “Жакынкы Чыгышта акыйкат жана бекем тынчтык орнотулбай келгендиги үчүн биз жалпы жоопкерчиликтебиз” деп билдирди француз президенти.
“Палестина элинин мыйзамдуу укуктарын таануу Израил калкынын укуктарын эч кандай кемите албайт, Израилди Франция башынан бери колдоп келет”, “Палестинанын мамлекет катары таануу боюнча жалгыз чечим Израилге тынчтык алып келет” деди Эммануэл Макрон.
Макрон БУУ трибунасында сүйлөп жатканда Израилдин өкүлдөрү катышпаганын Reuters агенттиги жазды.
Буга чейин Франция Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары таануу боюнча чечим чыгаруу ниетин 2025-жылы июль айында билдирген. Макрон Израил менен Палестинанын ортосунда тынчтык процессин жандандырууга, “Эки эл үчүн эки өлкө” принциби менен Палестинанын тарыхый аймагын еврей жана араб мамлекеттерине бөлүү идеясын жандандырууга чакырды.
22-майда Палестина мамлекетин Норвегия, Ирландия жана Испания, 21-сентябрда Улуу Британия, Канада жана Австралия тааныган.
Сүрөт: Интернет булактарынан




