Франция Аблязовдон 30 күн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды

  • 10 месяцев мурун

Францияда жашаган Казакстандын оппозициячыл саясатчысы Мухтар Аблязов полициядан 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып, башка өлкөгө кетүү боюнча буйрук алганын билдирди.

Анын айтымында, полиция декабрь айындагы Франциянын сотунун чечимине таянууда. Анда сот Франция берген саясий башпаанектен ажыратуу тууралуу чечимге макул болбогон Мухтар Аблязовдун доо арызын четке каккан.

Аблязов француз соту саясий чечим чыгарганын жана мындай окуя мурда болбогонун айткан. Аблязов «Казакстандын тынымсыз жана күчтүү кысымынын» натыйжасында сот ушундай чечим чыгарды деп эсептейт.

«Алар менден 30 күндүн ичинде Франциядан чыгып кетүүнү талап кылышты, бирок башка өлкөгө кеткидей менде паспорт же виза жок. Бул чыныгы кутум! Бирок Батыш системасы диктатордук режимдерден айырмаланып, сот системасы аркылуу күрөшүүгө мүмкүндүк берет. Ооба, бул система да мыйзамсыз чечимдерди чыгарышы мүмкүн. Бирок… Бул чечимдерди башка инстанцияда талашып, күрөшсө болот. Бул мага көп жылдар бою аман калууга, күрөшүүгө жана жеңүүгө мүмкүндүк берди!» деп жазды Мухтар Аблязов Фейсбук баракчасына.

Ал Казакстан ага каршы кылмыш ишин козгоо боюнча Франциянын прокуратурасына арыз бергенин билдирди. Анын айтымында, жакын арада Францияда ага каршы соттук отурумдар кайра башталышы керек, бул Франциядан чыгууга тыюу салуу дегенди билдирет.

БТА банк башкармалыгынын мурдагы төрагасы, Казакстандын мурдагы энергетика, өнөр жай жана соода министри, «Казакстандын демократиялык тандоосу» оппозициялык кыймылын негиздөөчү Мухтар Аблязов 2009-жылы саясий башпаанек алып Улуу Британияга качып кеткен. 2018-жылы Казакстандын Тараз шаардык соту 2004-жылы «Туран Алем» банкынын башкы менеджери Ержан Татишевди өлтүрүүнү уюштурган деп таап, экс-банкир Аблязовду өмүр бою сыртынан кескен.

Ошондой эле Аблязов «Мамлекеттик мүлктү ээлеп алуу», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кылмыштуу топту уюштуруу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан. Аблязов бардык айыптарды четке кагып, өзүн саясий куугунтуктун курмандыгы деп эсептейт.

Аблязов акыркы жылдары Францияда жашап, соцтармактар аркылуу бийликти тынч жол менен алмаштыруу жана демократиялык реформаларды жасоо ниетин билдирип келет.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты