Fox News: Трамп менен Путин 11-августта Римде жолугушу мүмкүн
- 11 месяцев мурун
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу 11-августта Римде өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Fox News басылмасы жеке булактарынын айтуусу боюнча билдирди.
Ал эми ТАСС жеке булактарына таянып, жолугушуу Римде өтпөй турганын кабарлаган.
Fox News басылмасынын өздүк булактары президенттердин жолугушуусу Италиядан башка Европа өлкөлөрүнүн биринде болорун да боолголойт.
Украина президенти ал жолугушууга барбай турганын айткан.
7-авугстта Россиянын президенти Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков президенттердин кайсы өлкөдө жолугуша тургандыгы белгилүү экенин, бирок азырынча айтыла электигин белгилейт. Владимир Путин жолугушуу үчүн Бириккен Араб Эмираттары туура келерин айткан. Ошондой эле Сауд Аравиясы да ылайык келээри тууралуу сөз болууда.
Сүрөт: Getty Images




