Европа өлкөлөрүнүн чек араларынан 300 миңдей украиналык качкын өттү

  • 2 года мурун

Жекшембиде Евробиримдик Орусия Украинага кол салгандан бери ЕБ мамлекеттеринин чек араларынан кеминде 300 миңдей украин качкыны өткөнүн билдирди.

ЕБ жетекчилиги кишилердин агымы дагы көбөйөрүн болжолдоодо.

27-февралда Польшанын Чек ара кызматы бейшембиден бери Украинадан 200 миң адам келгенин кабарлады. Алардын баарына жардам көрсөтүлүүдө.

“Ишембиде эле Украинадан 77 миң киши келди”, – деди Чек ара кызматынын башчысы Томаш Прага. Мекеме 28-февралга оогон түнү таңкы 7ге чейин эле чек арадан 28 миң киши өткөнүн белгиледи.

Орусия кол салганга чейин эле Польшада бир жарым миллиондой украин жашаган. Польшада ыктыярчылар качкындарга гуманитардык жардам көрсөтүүдө жана аларды ташууда кол кабыш кылышууда.

AFP агенттиги БУУнун качкындар иштери боюнча жогорку комиссары Филиппо Грандиге шилтеме берүү менен Польша, Венгрия, Румыния, Молдова жана башка өлкөлөрдүн чек арасынан өткөн Украина качкындарынын саны 368 миңге жеткенин билдирди.

Жекшембиден тарта Германияда украин качкындарын темир жол аркылуу Польша аймагынан Германияга бекер ташуу башталды. Ушул тапта Германия менен Польшанын ортосунда күнүгө алты поезд каттоодо, бирок алардын санын көбөйтүү пландалууда.

Австрия дагы согуштук аракеттерден улам Украина аймагынан чыгып кеткен кишилерди темир жол аркылуу бекер ташууга көмөктөшө турганын жарыялады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты