Евробиримдик Украинага согуштук истребителдерди берет

  • 2 года мурун

Европа биримдиги (ЕБ) Орусиянын кол салуусунан коргонуу үчүн Украинага согуштук истребителдерди жөнөтөт.

Бул тууралуу 27-февралда ЕБдин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррель билдирди. Ал Брюссель Украинаны олуттуу жабдуулар менен камсыздоого даяр экенин белгиледи.

Боррелдин айтымында, Орусия Украинаны колдогон өлкөлөрдү өзөктүк чабуул менен ачык эле коркутууда.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда телекайрылуу жасаган маалда украин аскерлерин куралдарын таштоого чакырып, абалга кийлигишүүгө аракет жасаган өлкөлөрдү опузалаган:

«Ким бизге кийлигишүүгө аракет жасаса… билиши керек, Орусия токтоосуз жооп кайтарат жана бул өмүрүңөрдө көрө элек кесепеттерге алып келет».

Боррель Путиндин жекшембидеги сөзүнө комментарий берип жатып, кеп өзөктүк курал жөнүндө болуп жатканын, бирок ага карабай ЕБ Украинаны колдой берерин билдирди.

Украинанын ТИМ башчысы Дмитрий Кулеба ЕБ жетекчилерине кайрылып, өлкө украин учкучтары башкара ала турган согуштук истребителдерге муктаждыгын айткан. «Deutsche Welle» украин куралдуу күчтөрүндө совет өндүрүшүнөн чыккан Су-27 менен МиГ-29 истребителдери гана бар экенин эске салды.

Жозеп Боррель европалык блоктун атынан Орусиянын Украинага кол салуусу коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Грузия, Молдова жана Батыш Балканга да таасирин тийгизиши мүмкүн экенин кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты