Евробиримдик менен Кыргыз Республикасы ортосунда адам укуктары боюнча диалог өттү

15-сентябрда Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы Бишкекте Адам укуктары боюнча ар жылдык диалогдун он экинчи раундун өткөрүштү. Өнөктөштөр көптөгөн суроолорду талкуулашты. Диалог учурунда азыркы геосаясий контекстте Евробиримдик менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы тыгыз кызматташтыктын маанилүүлүгү белгиленди.

Бул тууралуу Евробиримдиктин ЖМК жана маалымат боюнча координатору Чынтемир Калбаев «ПолитКлиника» медиасына билдирди.

Тараптар ачык-айкын жана инклюзивдүү негизде жаңы конституцияга ылайык мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан азыркы иштерди талкуулашты. Евробиримдик эффективдүү жана демократиялык көзөмөлдөө жана тең салмактуулук системасын түзүү керектигин баса белгиледи.

Ошону менен катар Евробиримдик менен Кыргыз Республикасы адам укуктары жана мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча ачык жана деталдуу талкуу жүргүзүштү.

Евробиримдик негизги адам укуктары жаатындагы жалпы терс тенденцияга, атап айтканда жарандык коомдун эркин ишмердүүлүгү үчүн мейкиндиктин тарышына жана сөз эркиндигине басымдын күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди. Ушуга байланыштуу Евробиримдик жек көрүүчүлүк жана талаш-тартыш жана жалган маалымат боюнча мыйзамдын аткарылышы боюнча кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин кеңири жана өз билемдик менен колдонулушуна тынчсыздануусун билдирди. ММКны бөгөттөө, журналисттик иликтөө, жарандык же саясий катышуу менен алектенген жана бийликти сынга алган журналисттерди, блоггерлерди жана социалдык тармактардын колдонуучуларын куугунтуктоо Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакт боюнча Кыргызстандын милдеттенмелерине кайчы келет.

Бул контекстте Евробиримдик тынчсыздандырган бир катар жеке мисалдарды, анын ичинде Болот Темиров менен Камил Рузиевдин окуяларын козгоду.

Эркиндигинен ажыратуу жайларындагы шарттарга келсек, Евробиримдик өлүм фактылары, кыйноо жана адамгерчиликсиз мамилелер тууралуу билдирүүлөргө жана бул арыздар боюнча сот чечимдеринин өтө төмөн деңгээлде болуусуна тынчсыздануусун белгиледи. Акыйкатчыга жана Улуттук алдын алуу механизмдерине улуттук укук коргоо мекемелердин стандарттары боюнча Париж принциптерине ылайык көз карандысыздык жана эффективдүү мүмкүнчүлүктөр берилиши керек.

Евробиримдик белгилүү укук коргоочу Азимжан Аскаровдун 2020-жылдын жай айларында абактагы өлүмү азыркыга чейин калыс жана ачык иликтенбей, анын үй-бүлөсү дагы эле сот адилеттигин күтүп жатканына тынчсыздануусун дагы бир ирет билдирди.

Тараптар дискриминацияга жол бербөө маселелерин талкуулашты жана улут, гендер, сексуалдык ориентация, майыптык жана диний ишенимдерди камтыган дискриминациянын бардык түрлөрүн камтыган комплекстүү мыйзамдык актыны кабыл алуу зарылдыгын талкуулашты.

Евробиримдик Кыргыз Республикасынын балдардын укуктарын жана корголушун чыңдоо боюнча аракеттерин канааттануу менен белгиледи жана Балдар кодексинин эртерээк кабыл алынышын чыдамсыздык менен күтөт.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө конвенция боюнча өз милдеттерине ылайык, Кыргызстандын бийлиги кабыл алынган кадамдарды, анын ичинде жакында иштелип чыккан «Жеткиликтүү өлкө» программасын тууралуу айтып беришти.

Евробиримдик өлкөдө аялдарга жана балдарга карата зомбулук фактыларынын көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдирип, жабырлануучуларга эффективдүү колдоо көрсөтүүгө, туура тергөөгө жана бирдей сот адилеттигине жетүүгө чакырды.

Евробиримдик менен Кыргыз Республикасы көп тараптуу форумдардагы кызматташууну, анын ичинде Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүккө кайрылуусун талкуулашты. БУУнун атайын процедураларына жана механизмдерине катышууга чакырууну карап чыгууда Кыргыз Республикасынын конструктивдүү жана ачык катышуусу ыраазычылык менен белгиленди.

Адам укуктары боюнча диалогдун алдында  жергиликтүү жарандык коомдун өкүлдөрү, анын ичинде укук коргоочулар менен жолугушуу болду.

Сүрөт: ЕБ ЖМК жана маалымат кооринатору.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты