Эсептөө палатасы: Саламаттык сактоо министрлигинде 3 млрддан ашуун каржылык бузуулар аныкталды
- 2 года мурун
Саламаттык сактоо министрлиги жана анын ведомстволук мекемелеринде 3 млдрдан ашуун каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирди.
Кечээ, 6-февралда Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда аудитор Раматилаев Азамат 2023-жылдын Саламаттык сактоо министрлиги жана анын ведомстволук мекемелеринин бюджетинин аткарылышы боюнча шайкештик аудитинин жыйынтыктарын баяндаган.
Маалыматка ылайык, отурумда аудитор Саламаттык сактоо министрлиги жана анын ведомстволук мекемелеринде эмгек акы төлөө, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү, товардык материалдык баалулуктардын эсебинин толуктугун камсыздоо жана башка иштеринде олуттуу шайкеш келбестиктер орун алганын белгилеген.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы бузуулардын суммасы 3 161 353,0 миң сомду түзүп, анын ичинен:
Процедуралык бузуулар: 2 341 617,5 миң сом;
Финансылык бузуулар: 819 735,5 миң сом аныкталып, анын ичинен:
Бюджетти аткарууда – 561 186,10 миң сом;
Мүлктү пайдаланууда – 4 552,70 миң сом;
Эсеп жана отчеттуулук тартибинде – 151 505,50 миң сом;
Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда – 102 492,20 миң сом.
«Ал эми 819 735,5 миң сом каржылык бузуулардын ичинен 114 452,0 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, аудиттин жүрүшүндө 111 157,3 миң сом же 97,12% калыбына келтирилген»,- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 3-февралда Алымкадыр Бейшеналиевдин Саламаттык сактоо министри кызматынан алынганы белгилүү болгон. Анын ордуна министрдин милдеттерин аткаруучу болуп Эркин Чечейбаев дайындалган. 5-февралда Жогорку Кеңеш аны саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берген.
Сүрөт: Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы




