Актан Арым Кубаттын “Эсимде” тасмасы Токиодо эл аралык фестивалга катышат

  • 2 года мурун

Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын «Эсимде» аттуу жаңы тасмасы Токиодогу эл аралык кинофестивалынын 35-конкурсуна чакырылды.  Фестиваль 24-октябрдан 2-ноябрга чейин өтөт.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, «Эсимде» тасмасынын бетачары Токио шаарында 27-октябрда, ошондой эле 29-октябрда жана 1-ноябрда көрсөтүлөт. Көрсөтүүлөр режиссер Актан Арым Кубат жана көрүүчүлөр менен суроо-жооп сессиясы менен коштолот. 2-ноябрда фестивалдын жабылыш аземинде номинациялардын жеңүүчүлөрү жарыяланат.

Фильм Т.Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясы, «Ой Арт», «Биттерс энд» (Япония), «Воля фильм» (Нидерланды) жана «Мэндра фильмс» (Франция) продюсердик компаниясы менен бирге тартылган.

Сценарийдин авторлору: Актан Арым Кубат, Далмира Тилепбергенова.

Режиссер-коюучу: Актан Арым Кубат

Оператор-коюучу: Талант Акынбеков

Башкы ролдордо: Актан Арым Кубат, Мирлан Абдыкалыков, Таалайкан Абазова, Элнура Осмоналиева

Кыргызстанда тасманын бет ачары 17-ноябрда болот.

Токио эл аралык кинофестивалы биринчи жолу 1985-жылы өткөрүлүп, эл аралык кинопродюсерлер ассоциациясы федерациясы тарабынан бекитилген А классындагы эң мыкты 15 кинофестивалдын катарына кирет.

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты