Эрмекбай Омошев Манас районунун акими болуп дайындалды
- 2 месяца мурун
Эрмекбай Омошев Талас облусунун Манас районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин бул кызматты Досмамбет Жээнбеков аркалап келген. Эрмекбай Омошев Ысык-Ата районунун акими болгон.
Муну бөлүшүү