Эрлан Султангазиев байдаркада калак менен сүзүү боюнча Азия чемпиону болду
- 4 недели мурун
2025-жылдын 7-майынан 12-майына чейин Кытайдын Наньчан шаарында Азия чемпионатына байдарка жана каноэде калак менен сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы катышты. Анда Эрлан Султангазиев Азия чемпиону болду.
Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу спортчу Эрлан Султангазиев байдаркада калак менен сууда боюнча 200 метр К-1 аралыктагы жарышта Азия чемпиону болду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев спортчулар менен жолугушту.
Жолугушуунун катышуучуларына МинКаб төрагасынын резервдик фондунан акчалай сертификаттар тапшырылды:
• Эрлан Султангазиев — 500 миң сомдук сертификат;
• Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Олег Роганов – 200 миң сомдук сертификат
• Эрлан Султангазиевдин жеке машыктыруучусу Виктор Чуракаев — 200 миң сомдук сертификат.
Жолугушууда спорттун бул түрүн өнүктүрүүнүн келечеги жана мамлекеттик колдоонун актуалдуу маселелери талкууланды.
Чемпионатка кыргыз курама командасынын атынан үч спортчу: Эрлан Султангазиев, Родион Туйгунов жана Рысбек Төлөмүшев катышкан.

Сүрөттөр: gov.kg