Эрлан Шеров дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга татыктуу болду

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.

Бул тууралуу дзюдо федерациясы социалдык тармакта билдирди.

Коло медаль үчүн таймашта 90 килограмм салмакта Эрлан Шеров италиялык Кристиан Парлатини жеңип алып, үчүнчү орунду ээледи.

Чемпионатттын аягында олимпиадалык рейтинг түзүлөт.

Бул сыйлык Кыргызстандын дзюдо боюнча спорттук тарыхында биринчи болуп жаткандыгы айтылууда.

Сүрөттө: Эрлан Шеров. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты