“Эркиндиктен гана эмес, адистешкен медкызматтан да ажыратып, кыйноого дуушар кылышууда”. Кайрылуу

  • 1 год мурун

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүн, 27-мартта, Акыйкатчыга, Кыйноолорго каршы улуттук борборго, Укук коргоочу уюмдарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу жасап, көз карандысыз врачтардан турган медициналык комиссия түзүүнү жана Кемпирабадчылардын ал-абалын карап берүүнү суранды.

Бул саясатчынын Фейсбук баракчасында жарыяланды.

Кайрылууда мындай деп айтылат:

-Бийлик жана анын көз каранды укук коргоо органдары, мыйзамсыз камактагы Кемпир-Абадчыларды эркиндиктеринен гана ажыратпастан, квалификациялуу жана адистешкен медициналык кызмат алуудан дагы ажыратып, кыйноолорго дуушар кылууда.

Гүлнара Журабаева, Таалай  Мадеминов, Чыңгыз Капаров жана Ильгиз Шаменовго врачтардын көрсөтмөсүнө карабастан, ооруканага чыгууга уруксат берилбей атат.

Ал эми оор операциядан кийин Мамбетжунус Абылов менен Клара Сооронкулова реабилитация болбостон, эч кандай шарты жок түрмөгө кайтарылды.

Биз мунун баары бийликтин көрсөтмөсү менен жасалып атат деп эсептейбиз.

Жаза аткаруу кызматынын жетекчилери Кемпир-Абадчылардын дартынын далилдерине карабастан, ар кандай шылтоолор менен ооруканага чыгаруудан баш тартышууда.

Кемпир-Абадчыларды, ооруп жаткандарына карабастан, көпчүлүк врачтар жана ооруканалар, бийликтин басымынан коркуп кабыл алуудан баш тартууда.  Ал эми кабыл алгандар эртерээк, дарылоо бүтпөсө дагы ооруканадан чыгарып коюшууда.

Ушуга байланыштуу, биз, көз карандысыз врачтардан комиссия түзүп, абалы оор Кемпир-Абадчыларды көрүп, жыйынтык чыгарып берүүнү суранабыз.

Былтыр 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Кийин алардын бардыгынын баш коргоо чаралары узартылган. Камактагылардын көбү протест катары ачкачылык кармашкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты