Эркиндик бульварында видео камера орнотулат

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагында бетти таануу жана алыстан кол менен башкаруу мүмкүнчүлүгү бар 50дөн ашык видео камера орнотулат.

Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта Эркиндик бульварында видеобайкоо камераларын монтаждоо иштери башталганы белгиленди.

Ошондой эле Бульвардын Чүй проспектиси, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрүндөгү төрт кесилиши атайын жабдуулар менен жабдылат.

Кесилиштерде орнотулган камералар күнү-түнү иштейт. Максаты-жарандардын коопсуздугу жана тартипти сактоо.

Сүрөт: Бишкек шаарлык мэриясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты