Эркиндик бульварында 28 көчөттү сындырууга шектүү аныкталды

  • 11 месяцев мурун

11-июль күнү интернет булактарында Бишкек шаарынын Эркиндик бульварында белгисиз адамдар 28 көчөттү сындырды деген видео тасма тараган.  Аталган маалымат Биринчи Май РИИБи тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Көчөттөрдү сындырууга шектүү кармалды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматы билдирди.  

Мындан тышкары “Бишкекзеленстрой” муниципалдык ишканасы акт түзүп, арыз менен кайрылган. Анда 28 көчөттү сындыргандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган окуя боюнча Биринчи май РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылыш-жаза кодексинин 303-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү Биринчи май РИИБдин милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү тарабынан 1997-жылы туулган Б.Ю., аттуу жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Ага кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыш жосуну боюнча айыбы угузулуп, “эч жакка кетпөө” түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Ал жарандын түшүндүрмөсү боюнча, көчөттөрдү мас абалында сындырганын билдирген.

Азыркы учурда тергөө кызматы тарабынан келтирилген чыгымдын ордун толтуруу боюнча тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатат.

Эркиндик бульварында 28 көчөттү сындырууга шектүү аныкталды

Сүрөттөр: Биринчи май РИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты