Энергиянын кайра жаралуучу булактары секторуна кубаттуулук чегин көтөрүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 1-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында «Электр энергетикасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Бакыт Тентишев белгилегендей, мыйзам долбоорунун негизги максаты энергиянын кайра жаралуучу булактары секторуна инвестиция тартуу үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүү болуп саналат.

Негизги милдет бул объекттер үчүн орнотулган кубаттуулуктун чегин 30дан 50 МВтка чейин жогорулатуу.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты