Энергетика министрлиги: Электр энергиясын колдонуу рекорддук чекке жетти

  • 2 года мурун

11-12-декабрь күндөрү Кыргызстанда электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Министрликтин айтымында, кыш мезгили башталып, абанын температурасы төмөндөгөндүгүнө байланыштуу, калк электр энергиясын ченемден ашык колдонууга өткөн.

«Алсак, кечээги күнгө алынган маалымат боюнча 3612 МВт кубаттуулукта  электр энергиясы сарпталып, электр энергиясынын суткалык керектөөсү 78,931 млн. кВт саатка чейин жеткен. Мындай көрсөткүч Кыргызстандын тарыхында болгон эмес»,- деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, буга чейин электр энергиясын колдонуунун акыркы рекорддук көрсөткүчү 2023-жылы 14-декабрда катталган.

«Учурда электр энергиясын ашыкча колдонгон аймактарда, электр тармагындагы жабдуулар ашыкча жүк келүү менен иштөөдө. Мындай учурда энергетиктер  ошол жердеги абоненттердин электр энергиясын башка линияга (фидерге) которгонго чейинки аралыкта,  1-2 сааттык убакытты талап кылат.  Бул учурда электр жарыгы убактылуу үзгүлтүккө учурайт. Эгерде энергетиктер мындай чара көрбөсө, кымбат баалуу энергетикалык жабдуулар иштен чыгып калышы мүмкүн»,- деп билдирди аталган министрлик.

Маалыматта айтылгандай, энергетиктер канчалык калктан электр энергиясын сарамжалдуу колдонууга  чакырганы менен,  электр энергиясына болгон кондонуу көп болуп, рекорддук көрсөткүчкө жетүүдө.

Мындан улам, Энергетика министрлиги калкты эртең менен кечинде электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты