Энергетика министри Бекмурзаев фейктер менен күрөшүүгө 80% убакыт коротот  

  • 2 года мурун

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев убактысынын көбүн фейктер менен күрөшүүгө короторун НТС телеканалына берген интервьюсунда билдирди.  

-Ачык эле айтып коюшум керек, менин убактымын 80%ы ар кыл фейктер, саясатташкан ар кандай жаңылыктар менен күрөшүүгө кетет. Кайсы бир блогер бир нерсени кылтыйта коет да, коомчулукта кандайдыр чуулган түшүп калат. Андан маселе келип чыгып, биздин колубузду байлайт. Тилекке каршы, биз ушундай маалда жашап жатабыз. Башка максаттарга убакыт аз калат, -деди министр.

Быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында жетишсиздик жаралууда. Буга байланыштуу жыл башынан бери Казакстан менен Өзбекстандан электр кубаты импорттоло баштаган. Бишкек мындан сырткары Тажикстандан жана Түркмөнстан да электр энергиясын алып жаткан, эми Орусиядан да сатып алуу маселесин караштырууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты