Эне-бала жардамга муктаж. Кайрымдуулук кылгыла

“Сезим” кризистик борборунун зомбулуктан жабыркагандар убактылуу жашоочу жайда  жашы жыйырмадан жаңы өткөн  Бегимай (белгилүу себептерге байланыштуу аты өзгөртүлдү)  аттуу жаш келин эмчектеги баласы менен баш калкалап жатат. Эки жыл мурда ал элеттен шаарга иштегени келип, чала тааныш бирөөнүн азгырыгына алданып калган. Кош бойлуу болуп калгандан кийин “ээрчип” жүрүп” турмушка чыкты аты болгон. 

Кыздын аргасыз абалынан пайдаланган “күйөө”  эч жерде иштебей,  Бегимайдын күндөп-түндөп тапканын  ичип-жеп, жалдаган батирде жашап жүрөт. “Иштебейсиңби” деген сөзгө теригип кол көтөрүп, ызы-чуу чыгара баштайт. Көрсө  ал,  буга чейин кыз зордуктаганы үчүн түрмөдө отуруп  чыккан, эки аял кетирген неме экен.

Ата-энеси  жаңы “жубайлардын” жашоо- шартын,  далайды баштан өткөргөн, жашы улуу “күйөө баланын” түрүн көрүп,  ошол кезде эле   “алып  кетели” деген сөзгө  кызы көнгөн эмес. Ал кош бойлуу болуп калган эле.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Ошондон тарта батир акысын ата-энеси төлөп, тамак- ашына эжеси каралашып, эптеген тиричилик өткөн.  Жашагандарына бир ай болбой эле аялынын  телефонун ломбардга өткөрүп, кийим тиккен машинесин сатып, күндүз уктап, түнкүсүн жорткон “күйөөнүн” ичкиликке жакын экени,  нашаа чегээри,  ал аз келгенсип кумар оюнчу экени билинди.

Бегимайдын таяк жеп, көк ала болгонун байкаган жакындары “боюңдан алдырып сал, мөөнөтү өтүп кетсе балаңды төрөт үйүнө ташта” дешкен. Бирок  ал баласынан ажырагысы келген эмес.

Азыркы күндө жаш эненин абалы өтө кыйын болуп турат. Буга чейин жардам берип келген жакындары “айткан сөзгө көнгөн жоксуң,  жакшы эле каралаштык, эми балаңды атасына берип, иште, биз өз бүлөбүздү бага албай атабыз” дешет.

Эмчектен чыгып калган наристе азыр жалаяк, кийим кече, дары-дармек, тамак-ашка муктаж болуп жатат.  Үй- бүлөдөгү зомбулуктун курмандыгы болгон  жаш эне менен  наристеге  кол сунчу боорукер адамдар  сөзсүз табылат деген ишенимдебиз.

Акчалай же материалдык жардам берүүнү каалагандар  “Сезим” кризистик борборуна 0501 51 26 40 номери аркылуу кайрылса  болот.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты