Эмомали Рахмон өз кызын Улуу Британияга элчи кылып дайындады

  • 2 года мурун

Тажик президенти Эмомали Рахмондун кызы Рухшона Эмомали Тажикстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды. Рахмондун өз кызын жаңы кызматка дайындаганы тууралуу жарлыгы 15-декабрда жарыяланды.

Рухшона Эмомали 2016-жылы Тажикстандын Британиядагы элчилигинде иштеген. 2017-жылдан бери Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

Ал 2017-жылы «Дипломатиялык кызматтын негиздери» аттуу китебинин бет ачарын өткөргөн. Бул китепте Тажикстандын эл аралык жана регионалдык уюмдар менен карым-катышы тууралуу сөз болот.

Тажикстанды узак жылдан бери башкарып келе жаткан Эмомали Рахмондун жети кызы жана эки уулу бар. Рухшона Рахмондун төртүнчү перзенти.

Тажик президентинин улуу баласы Рустам Эмомали парламенттин жогорку палатасынын спикери жана баш калаа Дүйшөмбүнүн мэри. Улуу кызы Озода Рахмонова президенттин аппаратын жетектейт. Рахмондун күйөө балдарынын бири Ашрафжон Гулов жакында Тажикстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалган.

Тажик оппозициясынын өкүлдөрү Рахмондун өз үй-бүлө мүчөлөрүн мамлекеттик кызматка дайындаганын кескин сынга алып келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты