Эмил Чакибаев Ноокат районунун акими болуп дайындалды

  • 2 месяца мурун

Эмил Чакибаев Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.

Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун president.kg сайтында маалымдалды.    

Чакибаев Эмил 1982-жылы Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында туулган. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы, Аламүдүн районунун акимини акиминин орун басары кызматтарында иштеген.

21-февралда президенттик аппараттын коллегиясынан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президентке бир катар акимдерди кызматтан бошотууну сунуштаган.

Андан соң президент бир катар акимдерди кызматтан алды, анын ичинде Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Субагожоев Жакыпбекти да кызматтан бошоткон.

Сүрөттө: Эмил Чакибаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты