Бишкек шаарынын бир катар райондорунда электр жарыгы өчүп, кайра күйдү
- 12 месяцев мурун
Бишкек шаарынын Октябрь, Ленин, Биринчи май райондорунда бүгүн, 18-июнда, 13:20 чамасында электр жарыгы өчүп калды. Бул РЭСтеги авариялык абалга байланыштуу экени айтылууда.
Электр жарыгы айрым райондордо күйдү, кээ бир жерлерде келе элек.
Электр жарыгы Чүй облусунда да өчкөн. Энергетика министрлиги ири көмөкчордондо авария болгондугун билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




