Элчи Молдогазиев АКШнын Борбордук жана Түштүк Азия бюро жетекчиси Моррисон менен жолугушту
- 10 месяцев мурун
Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев АКШнын Мамлекеттик департаментинин Борбор жана Түштүк Азия боюнча бюросунун жетекчиси Бетани Моррисон менен 3-сентябрда жолугушту.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди
Тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Саясий диалогду бекемдөөгө, өз ара иш-чараларды уюштурууга, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле виза маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана өнүктүрүүгө умтуларын ырасташты.
Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү




