Элчи Кылычбек Султан Пакистан президентине ишеним грамоталарын тапшырды
- 11 месяцев мурун
Кыргыз Республикасынын Пакистандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султан Пакистандын президенти Асиф Али Зардари мырзага 22-августта ишеним грамоталарын тапшырды.
Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Салтанаттуу иш-чара Исламабад шаарындагы президенттик «Айван-е-Садр» сарайында ардактуу кароолдун катышуусунда жана бардык дипломатиялык протоколдорду сактоо менен өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Пакистанда жакында болгон табигый кырсыктардын курмандыктарына байланыштуу терең кайгыруу жана көңүл айтуу сөздөрүн жеткирди. Президент Зардари көрсөткөн колдоо жана тилектештик үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар салттуу достук мамилелерди мындан ары чыңдоо жана саясий, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык тармактардагы кызматташууну өркүндөтүү ниетин тастыкташты.
Пакистандын Президенти Кыргызстанды табияттын кооздугу жана элинин меймандостугу үчүн жогору баалап, Кыргыз Республикасына сапарга келүү ниети бар экенин билдирди.
Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы




