Экс-спикер Канатбек Исаев издөөгө алынганы айтылууда
- 1 месяц мурун
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канатбек Исаевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу Kaktus. media күч структураларындагы жеке булактарына таянып билдирди.
Маалымат боюнча 29-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) убактылуу жайына камакка алууга сыртынан өкүм чыккан. 30-аппрелде Канатбек Исаевге издөө жарыяланган.
Канатбек Исаев издөөгө алынганда анын уулу Чыңгыз Исаев Токмок шаардык кеңештин депутаттык мандатын тапшырган, ал эми мурдагы жубайы Жамиля Исаева Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгынан бошонгон.
2024-жылы 6-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаевдин бөгөт чарасын карап, аны башка жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде абактан бошоткон.
Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канатбек Исаевдин бөгөт чарасын карап, аны 2024-жылдын 4-декабрына чейин камакка алган.
2024-жылы 22-ноябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты, экс-спикери Канатбек Исаев 20-ноябрда кармалганы белгилүү болгон. Канатбек Исаев кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси, уюшкан кылмыштуу топту же кылмыштуу жамаатты каржылоого байланыштуу экени айтылды.
Сүрөттө: Канатбек Исаев. Интернет булактарынан