Канатбек Исаев тил кат менен абактан бошотулду
- 2 года мурун
Кечээ, 6-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаевдин бөгөт чарасын карап, аны башка жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде абактан бошотту. Бул тууралуу «Азаттык» анын адвокаты Бакыт Осмоналиевге таянып жазып чыкты.
Анын айтымында, жактоочу Исаевди абактан бошотуу боюнча сотко өтүнүч келтирген.
Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канатбек Исаевдин бөгөт чарасын карап, аны 4-декабрга чейин камакка алган.
22-ноябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты, экс-спикери Канатбек Исаевдин 20-ноябрда кармалганы белгилүү болгон. Канат Исаев кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси, уюшкан кылмыштуу топту же кылмыштуу жамаатты каржылоого байланыштуу экени айтылды.
Муну бөлүшүү




