Экс-премьер Сапар Исаков Оштун экс-мэри Кадырбаевдин уулуна өкүл ата болду  

  • 1 год мурун

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин уулунун өкүл атасы болду.

Бул тууралуу жеке булактарына таянып,  Kaktus.media жазды.

Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмаматовдун уулунун үйлөнүү тою Бишкек шаарынын кымбат ресторандарынын биринде болгону маалымдалды. 

“Үйлөнүү тоюнда саясий чөйрөнүн өкүлдөрү чогулган. Өкүл-ата, өкүл апа Сапар Исаков менен анын жубайы болду.  Иш-чарада Сапар Исаков өзү катышкан жок, анын жубайы эки жашка шакек тартуулады. Кадырбаевдин уулу мурдагы элчи Ибрагим Жунусовдун кызына үйлөндү” деп айтылат маалыматта.  

Үйлөнүү тойдо Курсан Асанов, Акматбек Келдибеков, Раиса Атамбаева, Алишер Козуев, Аалы Карашев, Талантбек Батыралиев, Сабырбек Жумабеков, Аскар Салымбеков ж.б. катышкан.  

Сүрөт: Кактус медиа.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты