Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов дүйнө салды
- 11 месяцев мурун
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов 77 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымат берилди.
Абдрахманов Өмүрбек 1948-жылы Жалал-Абад облусунун Акман айылында туулган. 1969-1971-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин комсомол комитетинде катчынын орун басары болуп иштөөдөн баштаган.
1975-1980-жылдары Кыргыз ССРинин Ленин коммунисттик жаштар союзунун борбордук комитетинин студенттик отряддар штабынын командири, 1980-1987-жылдары Аламүдүн районундагы Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводунун парткомунун катчысы катары эмгектенген. 1987-жылдан 1989-жылга чейин Арашан айылдык кеңешинин төрагасы,1991-жылдан тарта Чүй облустук кеңешинин башкармалыгынын башчысы, 1994-жылдан 2008-жылга чейин «Азат мебель» компаниясынын директору болгон. 2007-жылы март айында «Реформалар үчүн» кыймылынын координатору кызматын аркалаган. 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Жогорку Кеңеш маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун кайгысын тең бөлүшөт.
Сүрөттө: Өмүрбек Абдрахманов. Социалдык тармактан




