Экс-депутат Азамат Арапбаев уулунун тоюн гольф-клубда өткөрүүдө

  • 2 года мурун

Жогоруу Кеңештин мурдагы депутаты Азамат Арапбаев уулу Даниярдын үйлөнүү тоюн Бишкектин четиндеги гольф-клубда өткөрүп жаткандыгы маалымдалды. Үлпөткө арналып, атайын чатыр тигилген.  

Бул тууралуу Кактус-медиа  басылмасы өз булактарына таянуу менен билдирди. Ошондой эле социалдык тармакта тойдон кыска видео жарыяланды.

Уулунун колуктусунун аты — Салима. Андагы маалыматтар боюнча, тойго жергиликтүү жана чет өлкөлүк саясатчылар, депутаттар, бизнес өкүлдөрү катышууда.

Тойду россиялык артист жана шоумен Валдис Пельш алып барып жатат. Ошондой эле тойго америкалык актер Стивен Сигал чакырылгандыгы маалымдалды.  

Сүрөт: Социалдык тармактагы видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты