79 миң сомдон 54 млн сомго чейин: ЖКнын депутаттары бир жыл ичинде канча киреше тапкан?

Мамлекеттик салык кызматы 2019-2020-жыл үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациясын жарыялады. 

“ПолитКлиника” медиасы төмөндө 2020-жыл үчүн декларация тапшырган Жогорку Кеңештин депутаттарынын кирешесине анализ жүргүзүп, бир жыл ичинде эң көп жана эң аз киреше тапкан депутаттардын тизмесин түздү.

2020-жылы эң аз киреше тапкан Жогорку Кеңештин 5 депутаты:

  1. Самат Исманов, “Республика Ата-Журт” партиясы
79 миң сомдон 54 млн сомго чейин: ЖКнын депутаттары бир жыл ичинде канча киреше тапкан?

Самат Исманов Жогорку Кеңешке депутат болуп 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ордуна келген. 

Исманов 2020-жыл үчүн тапшырган декларациясында бир жыл ичинде 79 миң сом киреше тапканын көрсөткөн. Мындан тышкары декларацияда өзүнө таандык жылкылары, бодо жана майда малы бар экени жазылган.

Ал эми жакын туугандары 282 чарчы метрлик үйгө ээлик кылат. 

  1. Чынара Урумкалиева, КСДП партиясы 
79 миң сомдон 54 млн сомго чейин: ЖКнын депутаттары бир жыл ичинде канча киреше тапкан?

Чынара Урумкалиева дагы октябрь окуяларынан кийинки бийлик алмашуу учурунда экс-вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиеванын ордуна депутат болуп келген. 

Салык кызматынын маалыматына ылайык, Урумкалиеванын 2020-жылдагы кирешеси 81,3 миң сомду түзгөн. Мындан тышкары эл өкүлүнүн үйү (100 ч.м.), эки батири (28 ч., 43 ч.м.) жана 423 чарчы метрлик жер тилкеси бар. 

Ал эми жакын туугандарынын мүлкү тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес.

  1. Султанбек Анарбаев,  “Кыргызстан” партиясы
79 миң сомдон 54 млн сомго чейин: ЖКнын депутаттары бир жыл ичинде канча киреше тапкан?

Султанбек Анарбаев 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында 6-чакырылыштын депутаты катары мандат алган.

Ал салык декларациясында 2020-жылы 87 миң сом киреше тапканын көрсөткөн. Мындан тышкары Анарбаевге тиешелүү 600 чарчы метрлик жер тилкеси, МАN 24 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы, 7 баш мүйүздүү бодо малы, 4 баш жылкысы жана жалпы баасы 1 млн 400 миң сомдук майда мүйүздүү малы бар. 

Декларант мындан тышкары жакын туугандарына таандык 6 батир, 1 үй жана Honda Accord үлгүсүндөгү унаа бар экенин көрсөткөн. 

  1. Арзыбек Карыбеков, “Республика — Ата Журт” партиясы
79 миң сомдон 54 млн сомго чейин: ЖКнын депутаттары бир жыл ичинде канча киреше тапкан?

Арзыбек Карыбеков — өткөн жылдагы октябрь окуяларынан кийин мандат алган депутаттардын бири. Ал 2020-жылда 92,5 миң сом киреше тапса, жакын туугандарынын кирешеси 3 миллион сомду түзгөн. Декларацияда Карыбековдун өзүнө таандык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жок экени жазылган. Ал эми туугандарынын 416 чарчы метрлик үйгө, 995 ч.м. жер тилкесине жана MERCEDES-BENZ S 430 үлгүсүндөгү унаага ээлик кылары көрсөтүлгөн. 

  1. Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясы
79 миң сомдон 54 млн сомго чейин: ЖКнын депутаттары бир жыл ичинде канча киреше тапкан?

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2020-жылдын 15-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен депутаттык мандатын кайтарып алган. Бирок мындан көп өтпөй, 23-ноябрда Бишкектин административдик соту БШКнын жогорудагы токтомун мыйзамсыз деп таап, Текебаевди мандатынан ажыраткан. Ага карабастан Текебаев Жогорку Кеңештин депутаты катары 2020-жыл үчүн салык декларациясын тапшырган. Андагы маалыматтарга ылайык, декларанттын өткөн жылдагы кирешеси 113,4 миң сомду түзгөн. Өзүнө таандык мүлкү жок. Ал эми жакын туугандары дээрлик 5 миллион сомго жакын киреше тапкан. Мындан тышкары алар аянты 70 ч.м. келген курулушка, Toyota RAV4 жана Lexus 350 үлгүсүндөгү унааларга ээлик кылышат. 

2020-жылда эң көп киреше тапкан 5 депутат:

5. Орозбек Алыбаев, “Кыргызстан” партиясы

79 миң сомдон 54 млн сомго чейин: ЖКнын депутаттары бир жыл ичинде канча киреше тапкан?

Орозбек Алыбаев 2018-жылдын 28-июнунда депутаттык мандатка ээ болгон. Алыбаев салык декларациясында 2020-жылы 12 миллион 536 миң сом киреше тапканын көрсөткөн. Ал аянты 200 ч.м. үйгө, Lexus LX-570 үлгүсүндөгү автоунаага жана 100% акциясы өзүнө таандык ишканага ээлик кылат. Ал эми жакын туугандарынын аянты 34,8 ч.м. үйү гана бар. 

4. Салайдин Айдаров, “Кыргызстан” партиясы

79 миң сомдон 54 млн сомго чейин: ЖКнын депутаттары бир жыл ичинде канча киреше тапкан?

Салайдин Айдаров 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Анын өткөн жылдагы кирешеси 16 миллион 40 миң сомду түзгөн. Айдаров ээлик кылган мүлктөр:

  • Турак жай — 166,3 ч.м. 
  • Айыл чарбага багытталбаган жер тилкелери — 1 068,0 ч.м.
  • Курулушу бүтө элек объекттер — 410 ч.м. 
  • Шаар сыртындагы үй — 179,0 ч.м. 
  • Автоприцеп

Депутаттын жакындары бир жыл ичинде 3 миллион 840 миң сом киреше табышкан. Алар аянты 123,2 ч.м административдик имаратка, 329,5 ч.м. үйгө, эки жер тилкесине, 150 ч.м. айыл чарбага багытталбаган жер тилкесине жана  Lexus RX-350, Toyota RAV4 үлгүсүндөгү автоунааларга ээлик кылышат. 

3. Исхак Пирматов, “Бир Бол” партиясы

79 миң сомдон 54 млн сомго чейин: ЖКнын депутаттары бир жыл ичинде канча киреше тапкан?

2015-жылы “Бир Бол” партиясынан эл өкүлү болуп шайланган Исхак Пирматов ушул жылдын 28-майында депутаттык мандатын тапшырган. Партия лидери Алтынбек Сулайманов Пирматов мандатын шайлоо алдындагы партиялык келишимдин негизинде тапшырганын билдирген. 

Экс-депутат 2020-жыл үчүн тапшырган декларациясында бир жыл ичинде 16 миллион 823 миң сом тапканын көрсөткөн. Ал эми чыгашасы 7 миллион 353 миң сомду түзгөн. Исхак Пирматов “Кыргызнефтгаз” ЖАКынын 0,56% акциясына ээлик кылат. Мындан тышкары ал декларацияда өзүнө таандык үйү (68,8 ч.м.), шаар сыртындагы үйү (37,1 ч.м.), башка капиталдык курулуштары (367 ч.м.), айыл чарбага багытталбаган жер тилкеси жана Toyota Sequoia үлгүсүндөгү автоунаасы бар экенин көрсөткөн. 

Пирматовдун жакын туугандары өткөн жылда 5 миллион 200 миң сом киреше тапса, чыгашалары 2 миллион 450 миң сомду түзгөн. Алардын  Lexus үлгүсүндөгү унаасы, эки батири (219,5 ч.м., 141,2 ч.м.), үч гаражы (18,0 ч.м., 12,0ч.м., 12,0ч.м.), башка капиталдык курулуштары (12,7 ч.м.) жана турак жайы (104,2 ч.м.) бар. 

2.  Динара Исаева, “Республика — Ата Журт” партиясы

79 миң сомдон 54 млн сомго чейин: ЖКнын депутаттары бир жыл ичинде канча киреше тапкан?

Динара Исаевда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына “Республика — Ата Журт” партиясынан депутат болуп шайланып келген. Анын 2020-жылдагы кирешеси 24 миллион 831 миң сомду түзгөн. Исаева салык декларациясында эки административдик имаратка (253,3 ч.м., 128,6 ч.м.) жана  Lexus LХ 570 үлгүсүндөгү автоунаага ээлик кыларын көрсөткөн. Анткен менен эл өкүлү аталган документте бир жылдык чыгашаларын жана жакын туугандарынын бир жыл ичинде канча киреше тапканын ачыктаган эмес. 

  1. Азамат Арапбаев, КСДП партиясы
79 миң сомдон 54 млн сомго чейин: ЖКнын депутаттары бир жыл ичинде канча киреше тапкан?

КСДП партиясынан депутат Азамат Арапбаев 2020-жылы эң көп киреше тапкан эл өкүлдөрүнүн тизмесинин сап башында турат. Ал өткөн жылы 54 миллион 405 миң сом киреше тапкан. Ал эми анын бир жылдык чыгашасы 8 миллион 388 миң сомду түзгөн.

Азамат Арапбаев “Даннур-Юг”, “Ош Ойл ЛТД”, “Даннур Курулуш” компанияларынын 100% акциясына, “Алтын-Суу” ЖАКынын 57,5%, “Шор-Булак кирпич заводу” ЖЧКсынын 67%, “Өзгөн Энерго Көмүр” ЖЧКсынын 33,4% акциясына ээлик кылат. Мындан тышкары анын ээлигинде административдик имарат (1 356,4 ч.м.), өндүрүштүк имарат (350,0 ч.м.), ачыл чарбасына багытталбаган жер тилкелери (8 206,0 ч.м.) жана башка капиталдык курулуштар (813,7 ч.м.) бар.

Арапбаев декларацияда өзүнө таандык кыймылдуу мүлк катары Ваз 2107 жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү эки унааны, жалпы баасы 2 миллион 600 миң сомдук эмеректерди, 550 миң сомдук тиричилик буюмдарын, 1 миллион 200 миң сомдук компьютер жана кеңсе техникаларын, 550 миң сомдук фото, аудио жана видео техникаларын, 2 миллион 800 миң сомдук баалуу таштардан жасалган зер буюмдарын, 22 миллион 754 миң 946 сомдук кыймылдуу мүлктүн башка түрлөрүн жана жалпы баасы 31 миллион 47 миң сомдук баалуу кагаздарды көрсөткөн. 

Арапбаевдин жакын туугандарынын бир жылдык кирешеси 352 миллион 630 миң сомду түзгөн.

Алар жалпы аянты 2 148,64 ч.м. келген 6 батирге, айыл чарбага багытталбаган жер тилкелерине (852 ч.м., 1397 ч.м.), капиталдык курулушка (19 ч.м.), өндүрүш имараттарына (259,9 ч.м., 400 ч.м.) ээлик кылышат. 

Мындан тышкары салык декларациясында Арапбаевдин жакын туугандарына таандык Toyota Camry , Toyota Land Cruiser, Toyota 4Runner автоунаалары, баасы 142 миллион 401 миң сомдук баалуу кагаздар жана 272 миң соомдук зер буюмдары көрсөтүлгөн. 

Ошондой эле “Ливерпул” жана “ЮКСМ” ЖЧКларынын 100%, “СфераКГ” ЖЧКсынын 50% акциясы Азамат Арапбаевдин жакын туугандарына таандык. 

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Ныязбек Арзыбаев, Саматбек Ибраев, Махабат Мавлянова жана Бактыбек Сыдыков 2020-жыл үчүн салык декларациясын тапшырган эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты