“Экономикалык дипломатия өзгөчө мааниге ээ”. Дипломатия кызматкерлерин куттуктoo  

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, өлкөнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

-Сиздердин аракетиңиздердин аркасында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, анын коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууга жагымдуу шарттар түзүлүүдө.

Өлкөгө чет элдик инвестицияларды тартуу, соода-экономикалык кызматташтыктын географиясын кеңейтүү жана Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун арттыруу багытындагы сиздер жүргүзүп жаткан экономикалык дипломатия өзгөчө мааниге ээ.

Улуттук кызыкчылыктарды татыктуу жактап, өлкөнүн эл аралык аброюн чыңдоого зор салым кошуп, Кыргызстандын эл аралык демилгелерин илгерилетип, чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин укуктары менен кызыкчылыктары үчүн талыкпай эмгектенип келесиздер.
Мына ушундай эл аралык айдыңдагы Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого багытталган иш-аракеттериңиздер үчүн ыраазычылык билдирем,-деп айтылат куттуктоодо.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты