Египет Газа тилкесиндеги качкындар үчүн коридор ачуудан баш тартты

  • 7 месяцев мурун

Египет Газа тилкесиндеги качкындар үчүн коридор ачуудан баш тартты. Бирок чек арасы аркылуу аймакка гуманитардык жардам жеткирүү маселесин талкуулап жатат.

Бул тууралуу Reuters агенттиги Египеттин коопсуздук органдарындагы булактарына таянып жазды.

Газа тилкесинде эки миллиондон ашык адам жашайт. БУУнун маалыматы боюнча, 12-октябрда дээрлик 339 миң адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон – алардын көбү мектептерде баш калкалоодо.

АКШ качкындарга коридор ачып берүү маселеси Израил жана Египет менен биргеликте талкууланып жатканын билдирген.

11-октябрда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш «Газага күйүүчү май, тамак-аш жана суу сыяктуу турмуштук маанилүү материалдар жеткирилиши керек» экенин айткан.

Reuters агенттигинин булактарынын айтымында, гуманитардык коридор түзүү маселеси Египет, АКШ, Катар жана Түркиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө талкууланган. Кийинчерээк Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жардам жеткирүү боюнча иштер башталганын айтып, бирок кандай экенин так белгилеген эмес.

Буга чейин палестиналыктардын арасында каза тапкандар жалпысынан 1 100гө жеткени маалымдалган. Ал эми Израилде ХАМАС тобунун чабуулдарынан 1 200дөн кем эмес адамдын өмүрү кыйылганы кабарланган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСты «Ислам мамлекети» террордук тобуна теңеп, анын жоочуларына каршы күрөштү улантарын убадалап, бул топтун ар бир мүчөсүн «өлүк» деп атады.

Өлкөнүн коргоо министри Йоав Галант Израил «ХАМАСты жер менен жексен» кыларын айтты.

7-октябрда ХАМАС тобу Израилдин аймагына жапырт чабуул жасагандан бери тиреш уланууда.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты