Эгемендик майрамыңыздар менен!

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин майрамы.

Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 32 жылдык майрамы өткөн жылдан баштап ар жылы ар башка аймакта салтанаттуу белгиленет.

Өткөн жылы негизги майрамдык иш-чаралар Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өткөн. Салтанат көрүнүктүү саясий ишмер Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган маараке менен да коштолгон.

Быйыл Кыргыз Республикасынын 31-август– Эгемендик күнүнүн 32 жылдыгынын негизги салтанаты Ош облусунда белгилөнүүдө. Андагы салтанатта президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

«Отуз кылымдан ашык тарыхта ата-бабаларыбыз эркиндик, эгемендик үчүн кан төгүп, жан берип күрөшүп, улуу дөөлөттөрдү куруп, туусун бийик желбиретип, тарых барактарына «кыргыз» деген атты ташка тамга баскандай кылып калтырып кетишкен. Кылкылдаган кызыл туу менен куп жарашкан эгемендик бизге ыйык сезим болуп калыптанып, бул ыйыктык муундан муунга кан аркылуу өтүп, бүгүнкү күнү да элибиз эркиндикти сүйгөн, калыстыкты туу туткан эл экенин эчен ирет далилдеди. Эгемендигибиздин эн белгиси болгон кызыл байрагыбыз ата-бабалардын аманатын, келечек муун алдындагы милдеттерибизди ар дайым эскертип, көөдөнүбүзгө дем-күч берип келет. Ошондуктан, бүгүнкү күндө «мекенчилмин» деген ар бир кыргызстандык атуул өлкөбүздүн көз карандысыздыгын, мамлекетебиздин бүутүндүгүн, эл-журтубуздун ынтымагын коргоону ыйык милдет деп билиши керек» деди президент Садыр Жапаров.

Ош шаарындагы салтанатка экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков жана башка бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик, коомдук, саясий, жана маданий ишмерлер катышууда. Ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери да майрамдык мааракеге чакырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты