Кыргызстандын эгемендик майрамы мындан ары ар жылы ар башка аймакта белгиленет

  • 2 года мурун

Мындан ары Кыргызстандын көз карандысыздык майрамы ар жылы ар башка аймакта чоң салтанат менен белгиленет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанатта сөз сүйлөп жатып билдирди.

«Мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда, бүгүнкүдөй чоң салтанаттын коштоосунда өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар. Мындай кадам өлкөнүн бардык аймактарында жашаган элибизди ынтымагын арттырат, биримдигин бекемдейт, карым-катнашын күчөтөт. Албетте, 3000 жылдан ашкан тарыхыбызда 31 жыл бир көз ирмемдей эле мезгил. Узак тарыхыбызда кээде жылдызыбыз жанып, улуу каганат куруп көккө сермелдик. Кээде эркиндигибизди алдырып, чачырап кете жаздаган, азып-тозгон абалды башыбыздан кечирдик. Айтор, тарыхтын эчендеген сыноолоруна кабылдык», — деди президент.

Быйыл негизги майрамдык иш-чаралар Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жатат. Салтанат көрүнүктүү саясий ишмер Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган маараке менен да коштолууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты