Эгемендик күнүнө карата “Ала-Тоо” аянты унаа кыймылы үчүн жабылат
- 1 год мурун
Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүнө карата “Ала-Тоо” аянты унаа кыймылы үчүн жабылат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 32 жылдыгын майрамдоого байланыштуу жана майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө коопсуздукту камсыздоо максатында Ала-Тоо аянты саат 17:00дөн 00:00гө чейин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабылат.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландап алууну суранат.
Муну бөлүшүү