Эдуард Кубатов Гималайдын 8516 метр бийиктеги Лхоцзе тоо чокусуна кычкылтек колдонбой чыкты

Альпинист Эдуард Кубатов 20-майда Непалда Гималай тоолорунун 8516 метр бийиктеги Лхоцзе чокусуна кычкылтек колдонбой чыкканын Фейсбук баракчасына жазды.  

“Лхоцзе, 8516 метр (Непал, Гималай) кычкылтек колдонбой ушул улуу тоого ийгиликтүү чыктык. 20-май, саат 20.00. Жеңишти элиме, жериме жана сүйүктүү мамлекетибизге арнайм” деп жазды Эдуард Кубатов.

Маалыматта айтылгандай, мурдагы рекордду кыргызстандык эң күчтүү альпинист Сергей Селиверстов жараткан, ал 8201 метр бийиктиктеги Чо-Ойю чокусун кычкылтек колдонбой чыга алган. Азыркы Кубатовдун рекордунда 314 метр бийиктик кошулду.   

Эдуард Кубатов 52 жашта, атайын кызматтын отставкадагы подполковниги, ышкыбоз-альпинист, дүйнөнүн эң бийик Эверест чокусуна чыккан.  

Сүрөт: Кубатовдун Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты