ЕАЭБде «суперкомпьютердик» түйүн түзүү пландалууда
- 2 года мурун
Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕАЭК) кеңеши «Евразиялык маалыматтык-эсептөө инфраструктурасы» деп аталган мамлекеттер аралык жаңы программа иштеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алды.
Уюмдун сайтындагы маалыматка караганда, мындай чечим ЕАЭК Кеңешинин 17-мартта өткөн жыйынында кабыл алынган. Ага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрага орун басары Арзыбек Кожошев төрагалык кылган.
ЕАЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай министри Артак Камаляндын айтымында, мамлекеттер аралык жаңы программанын максаты – «ЕАЭКтин маалыматтык-эсептөө инфраструктурасын түзүү». Ал бардык ишканаларга, илимий мекемелерге, окуу жайларга, мамлекеттик мекемелерге жана инновациялык өнүгүү субъектилерине дүйнөлүк класстагы жогорку тактыкта иштей турган эсептөө ресурстарына жетүү мүмкүндүгүн түзөт.
«Суперкомпьютер натыйжалуу техникалык жана экономикалык өнүгүү үчүн зарыл инструмент болуп калды. Акыркы он жылдыкта дүйнөнүн алдыңкы экономикалары бул багытта чыныгы жарыш уюштуруп жатышат. Ошол эле маалда ЕАЭБ чөлкөмүндө бул сыяктуу жарандык суперкомпьтердик инфраструктура жок», — деп билдирген жыйында Артак Камалян.
Мындан улам ЕАЭК Кеңеши «түзүлүп жаткан инфраструктураны натыйжалуу пайдалануунун технологиясын иштеп чыгууну, аны инновациялык экономиканын бардык субъекттерине пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүнү, керектөөчү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү, анын ичинде бизнес моделдерди, зарыл болгон ченемдик укуктук базаны, стандарттарды, сертификация системасын даярдап берүүнү, ошондой эле эксперттик коомчулук менен билим берүү түйүнүн калыптандырууну» сунуштады. Уюмдун эксперттеринин пикиринде, бул тапшырманын аткарылышы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн технологиялык көз карандысыздыгын жана атаандаштыкка туруштук берүүсүн камсыз кылууга жардам берет.
Орусия Украинада согуш баштагандан кийин дүйнөгө белгилүү бренддер менен ири технологиялык компаниялар Орусияда иштөөдөн баш тартышкан. Москва менен мамилесин үзгөн компаниялардын катарында дүйнөдөгү эң ири магистралдык интернет-провайдер деп эсептелген Gogent жана Lumen Tecnologies компаниялары бар.
Эксперттердин пикиринде, дүйнөлүк ири провайдерлер Орусияны Интернеттен өчүрүшүнүн ыктымалдуулугу аз, анткени бул ансыз деле «тузакта калган» орусиялыктарды альтернативдүү маалыматсыз калтырып коёт.
Орусия бийлиги 24-февралдан бери өлкөдөгү 100дөн ашык көз карандысыз ЖМКнын сайттарын бөгөттөдү. Жакында эле сот Meta корпорациясын экстремисттик уюм деп таап, анын Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө тыюу салган.
Москванын мындай чечиминен кийин Орусия глобалдык Интернеттен баш тартып, бир нече жыл мурда даярдалган «өзүнүн интернетине» өтүшү мүмкүн деген кептер айтыла баштаган. Орусияда «Көз каранды эмес интернет тууралуу» мыйзам 2019-жылы ноябрда күчүнө кирген.