ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар ташып келүүдө экспорттоочуларда QR-коду менен электрондук эсеп-фактура болушу керек

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасынын жүк ташуучуларында товарларды Казакстанга жана Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрүнө экспорттоодо ташылуучу товарга карата QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактурасы болушу керек.

QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактуранын болушу автотранспорт каражаттарына Казакстандын мамлекеттик киреше комитети тарабынан контролдук-текшерүү иш-чараларын өткөрбөстөн, маршрут боюнча жүрүүгө мүмкүндүк берет. Бирок ал жок болгон учурда тиешелүү контролдук иш-чаралар жүргүзүлөт.

Мындай чечим Алматы шаарында өткөн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 1-отурумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынды.

Иш-чарага кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары, тараптар ЕАЭБ алкагында өз ара соодада бузууларды азайтууга багытталган эки өлкөнүн фискалдык органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү макулдашышты.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты