Дубай эмири мурдагы аялына тарыхтагы эң ири суммадагы компенсацияны төлөйт

  • 2 года мурун

Дубай эмири жана Бириккен Араб Эмиратынын премьер-министри Мухаммед аль-Мактум мурдагы жубайы, канбийке Хайя бинт аль-Хусейнге 554 миллион фунт стерлинг (734 миллион доллар) төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Мындай чечимди Лондондогу сот кабыл алды. ЖМКлар бул сумманы тарыхтагы эң ири компенсация деп аташууда.

Шейхтин билдирүүсүндө ал дайыма өз балдарына кам көрүп, аларды камсыз кылып келгени айтылат. Al Jazeera жазгандай, канбийкенин адвокаттары комментарийден баш тартышты.

Хайя канбийке 47 жашта. Иордания королунун карындашы. 2004-жылы Мухаммедге турмушка чыгып, анын алтынчы аялы болгон. Эмир 72 жашта. Алардын бир кыз, бир уулу бар. 2019-жылы канбийке балдары менен Улуу Британияга качып кеткен. Андан соң Хайя үй-бүлөлүү британ жансакчы менен көңүлдөш экени белгилүү болгон.

Шейх балдарын Дубайга кайтаруу талабы менен аны сотко берген.

Канбийке балдарынын чыгымдарын төлөп берүүнү, өмүр бою жан сакчы менен камсыздоону, Бириккен Араб Эмиратында калган кийим-кечегин жана зер буюмдарын компенсациялоону сураган. Талап кылынган сумма дээрлик бир жарым миллиард фундга бааланган.

Буга чейин ажырашуу жараянын караган британ соту орусиялык миллиардер Фархад Ахмедовду аялына 450 миллион фунт төлөп берүүгө милдеттендирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты