Дача-СУ: чогулган акча  кандай бөлүштүрүлгөн жана түрк компаниясы кантип жоопкерчиликтен бошотулган?

2017-жылдын 16-январында “Манас” эл аралык аэропортуна жакын жайгашкан “Дача-СУ” калктуу конушуна жүк ташуучу учак кулап түшкөн. Кырсыктан улам, 35 адам каза болуп, бийлик алардын жакындарына жардам берүүнү убада кылган.

Ал эми, 2022-жылдын май айында, президенттин чечими менен, Дача-СУ окуясын изилдөө үчүн коомдук комиссия иш жүргүзө баштаган. Комиссиянын ишинин жүрүшү менен айрым документтердин көчүрмөлөрүн алууга мүмкүн болду.

Кырсык төрт жарым миллион долларга бааланган

Учактын ээси «АСТ Airlines» компаниясы каза болгондордун жакындарына, жабыр тарткандарга компенсация катары жалпысынан 4,5 миллион АКШ долларын которгон. Бул сумманы ошол кездеги өкмөт жабыркагандар менен макулдашып, түрк компаниясына билдиргени маалым болду.

Бул каражаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • каза тапкан 35 жарандын жакындарына 60 мин доллардан берилген. Жалпысынан 2 млн. 100 миң доллар
  • кырсыкта жарадар болгондорго 317 миң 500 доллар
  • толук же жарым-жартылай бузулган үйлөргө 1 млн. 139 миң доллар бөлүнгөн.
  • толук же жарым-жартылай бузулган фундаменттер үчүн 21 миң доллар берилген.
  • бузулган автоунаалар үчүн 42 миң 642 доллар
  • кырсыктан улам жок болгон мал жандыктын ордун толуктоо үчүн 5 миң 640 доллар берилген
  • убактылуу жашап жаткан ижарачыларга 38 миң 100 доллар каралган
  • башка мүлктөрдү сатып алуу үчүн 206 миң доллар бөлүнгөн.

Мындан сырткары, Кыргыз өкмөтү 4,5 миллион доллардан 30 миң доллар алып калган. Бул кадамды компенсациянын көлөмүнө нааразы болгон жарандар келсе, аларга бергенге жумшалат деп негизделген.

Бул маалымдаманы ошол кездеги Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бекиткени белгилүү.

Дача-СУ боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү Дилбар Алимова калган 30 миң доллар жабыркагандарга берилгенин билүүгө аракет жасады:

“Бул жерде “30 миң доллар компенсациянын көлөмүнө нааразы болгондорго берүү үчүн калды” деп турат. Компенcациянын көлөмүнө нааразы болгондор болдубу? Болбосо 30 миң доллар эмне болду?”,- Дилбар Алимова

Абылгазиевдин айтымы боюнча, бул сумма экиге бөлүнүп, бир бөлүгү өзгөчө абалда каза болгон жаранга, экинчи бөлүгү “Үч периште” коомдук фондуна берилген:

“Биз ал сумманын жарымын өзгөчө категорияда каза болгон адамга бердик. Ал адам окуя болгон жерге барып, жүрөгү кармап, тез жардам унаасында каза болгон. Ошол адамдын жакындарына бердик. Ал эми, калган он эки миң долларды “Үч периште” фондуна эки жылдан кийин которуп бергенбиз”, — деди ошол кездеги Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

“Учак бир миллиард долларга камсыздандырылган”

Дача-СУ окуясы боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү Мавлян Аскарбековдун айтымында, учак бир миллиард долларга камсыздандырылган.

Ал эми, жабыркагандар 4,5 млн доллар эле алып калган:

“Бул учак бир миллиард долларга камсыздандырылыптыр. Анын ичинде жүк, учкучтар жана үчүнчү жактар да каралган. Сиздер камсыздандырылган компания менен сүйлөштүңөрбү? Бизге бериле турчу компенсациянын суммасын жогору алуу боюнча кандай иштер болду эле?”, — деп Мавлян Аскарбеков суроо узатты.

Мухаммедкалый Аблыгазиевдин билдирүүсүнө ылайык, сүйлөшүүлөр ар кайсы деңгээлде жүргүзүлүп, жыйынтыгында аталган суммага токтолушкан.

“Бул суроого юристтер жооп берилиши керек эле, алар келбептир. Сүйлөшүүлөр оор болуп, жыйнтыгында 4,5 млн.долларга токтолгонбуз. Мындан сырткары, биз дүйнөдөгү учурларды карап, мындай чечимге келдик. Мисалы, Сочи учак кулаганда, жабыркагандарга 20 миң доллар эле берип коюшкан.”, — деди Абылгазиев.

Мындан сырткары, Кыргызстанда түрк компаниясын жоопко тартууга же көбүрөөк компенсация төлөтүүгө таасир кылуучу рычагдары болгон эместигин айтат Абылгазиев.

Бирок, Мавлян Аскарбеков түрк компаниясынан чоң сумма талап кылуу менен башкаларга чоң прецендент жаратууну мүмкүнчүлүгү пайда болуусу жөнүндө сөз кылды:

“Мындай кырсыктар болбой эле койсун. Бирок, болуп калса, компенсация маселесине келгенде силердин чечимдериңерди кароо менен иш кылышат. Кийин бул бизге чоң мүмкүнчүлүк болмок: “Мурун ушундай учурда түрктөр ушунча чоң сумманы төлөшкөн, силер да төлөгүлө” деп, аларды такамакпыз”, — деди Мавлян Аскарбеков.

Кыргыз өкмөтү кантип түрк компаниясын жоопкерчиликтен бошоткон?

2017-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана «АСТ Airlines» компаниясы “Жоопкерчиликтен бошотуу” келишимин түзүшкөн. Кыргыз тараптан бул келишимге ошол кездеги Премьер-министрдин милдетин аткаруучуу Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул келишимге ылайык, Кыргыз өкмөтү 4,5 млн АКШ долларын алгандан кийин,  жоопкерчиликтин баарын өзү алат жана түрк компаниясына кандайдыр-бир доосу жок деп жазылган.

Мындан улам, Кыргыз өкмөтү түрк компаниясын бардык жоопкерчиликтен бошотуп, кандайдыр-бир айыптоолорду көрсөтпөөгө макулдугун берген.

Бул келишимге «АСТ Airlines» компаниясынын башкы менеджери Желал Карабаш жана кыргыз тараптан премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Мындан сырткары, келишимдин негизги шарттарынын бири — келишимдин купуялуулугу болгон. Ага ылайык, Кыргыз Өкмөтү келишимдин шарттарын үчүнчү тараптарга ачыктоого укуктуу эмес:

“Кыргызстандын Өкмөтү — бул келишимдин шарттарын купуялуу бойдон калууга жана үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого макул. Кыргызстандын Өкмөтү түздөн-түз же кыйыр түрдө ушул Макулдашуунун шарттарын, ушул Макулдашууга алып баруучу сүйлөшүүлөрдү, ошондой эле Кыргызстандын Өкмөтүнө төлөнгөн ар кандай төлөмдүн суммасын ачыкка чыгарбоого же талкуулоого, жарыялоого же эч кимге ачыкка чыгарбоого убада берет жана милдеттенме алат”, — деп жазылган “Жоопкерчиликтен бошотуу” документинде.

Ал эми Абылгазиев бул талап жапа тарткан жарандардан келгенин белгиледи:

“Бул келишимдин купуя болушу жарандардан келип түштү. Алар бизден суранган үчүн, биз мындай кадамга бардык. Алар айтышты, алар алган акчаны эч ким билбеши керек деп, биз макулдук бердик”, — деди комиссиянын жыйынында Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бирок, келишимде купуялуулук шарты жарандардан келип түшкөндүгү тууралуу маалымат жазылган эмес. Келишимде эки гана тарап: «АСТ Airlines» түрк компаниясы жана Кыргыз өкмөтүнүн атынан Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

“Чогулган акчаны бюджетке салышкан”

Кырсык болгон күндүн эртеси жабыр тарткандарга материалдык жардам чогултуу үчүн Өзгөчө кырдаал министрлиги атайын эсеп ачкан. Эсепке ар кайсы мекемелерден жана жеке жактардан жалпысынан 102 млн. 160 миң сом келип түшкөн. Андан сырткары, кулаган учактын ээси, «АСТ Airlines» түрк компаниясы бул эсепке дагы 49 млн. 271 миң сом которгону белгилүү. Жалпысынан бул эсепке 151 млн. 431 миң сом келип түшкөн.

Бул сумманын ичинен 94,5 млн.сому жабыркагандарга, 7,2 млн.сому Дача-СУдагы 23 жер тилкесин сатып алууга, 7,6 млн. сом Ново-Павловка айыл өкмөтүнө, 11 млн. 250 миң сом “Үч Периште” коомдук фондуна, “Манас” аэропортуна, “Кыргызаэронавигацияга”, “Семетей” мейманканасына берилген. Кырсыктан улам толук же жарым жетим калган балдарды колдоо үчүн 390 миң сом социалдык фондго которулган.

Коомдук комиссиянын мүчөсү, журналист Дилбар Алимова кырсыктан кийин жарандар тарабынан чогулган акчанын бир бөлүгү мамлекеттик бюджетке жана Социалдык фондго которулганы белгилүү болгонун билдирди:

«Мен эмне үчүн мындай кылганын сурадым. Анткени, жарандар бюджетти колдоо үчүн акча чогулткан эмес. Бул ошол кездеги комиссиянын чечими деп айтып жатышат», — деп жазган журналист.

Чынында эле, 30 млн. 283 миң сом бюджетке которулган. Биздин колубуздагы документтерге ылайык, бул сумма ДСП № 03-11 протоколунун негизинде которулганы көрсөтүлгөн. Бирок, аталган протоколдо бюджетке кандай негизде которулганы жазылган эмес. Ал эми, ошол кездеги премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Дача-СУ окуясы боюнча комиссиясын жетектеген Мухаммедкалый Абылгазиев бюджетке которулган акчалардын мыйзамдуулугу боюнча төмөндөгүдөй жооп берди:

“Айтылып жаткан 30 миллион сом түрктөрдүн акчасынан бюджетке которулган. Анткени, мамлекеттик органдар чыгаша болгон, ошол чыгашаларды бюджетке кайтаруу үчүн 30 миллион сом түрктөр которгон акчадан бюджетке которулган. Бюджетке элден чогулган акчадан бир да тыйын барган эмес”, — деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан сырткары, 390 миң сом социалдык фондго которулган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бул каражаттар кырсыктан улам толук же жарым жетим калган балдарга жөлөк пул берүү үчүн которулган.

“Журналисттерге маалымат берилбешин суранабыз”

2017-жылдын 13-мартында кырсыктан каза болгондордун жакындары жана жабыр тарткандардын чогулушу болгон. Ал чогулушта башка маселелер менен бирге журналисттерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына бөлүнгөн акчалар тууралуу маалымат бербөөнү суранышкан. Протоколго 19 адам кол койгон:

Бул маселе күн тартибине жабыркагандар өзүлөрүнүн демилгеси менен кабыл алышканын комиссиянын жыйынында билдиришти. Жабыркагандардын жакындарынын айтымында, алар бул кадамга коопсуздук маселесинен улам барышкан.

Дача-Су кырсыгы боюнча түзүлгөн комиссия ноябрь айына чейин иш алып барат.

Автор: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты