Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

  • 7 месяцев мурун

Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.  

Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Доктургүл Кендирбаева 2012-жылы билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалган, андан кийин «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун аткаруучу директору болуп иштеген.

Буга чейин Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулган. Уланбек Усеков КР билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруудан бошотулду.

Сүрөттө: Догдуркүл Кендирбаева. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты