#Детектор: “ЖМКлар” жөнүндөгү мыйзам долбоору эркиндикпи же чектөөбү?

Жогорку Кеңештин сайтында Министрлер кабинети тарабынан сунушталган «Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоору жарыяланган. Ал 34 беренеден туруп, анда Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын иштөө тартиби, каттоо, маалыматты топтоо жана аны таратуунун жол-жоболору жазылган. 

Аталган мыйзам долбоору буга чейин дагы талкууга алынып, бирок, жарандык коомдун, ЖМКлардын жана эл аралык уюмдардын пикирлерин эске алуу менен президент Садыр Жапаров мыйзам долбоорун кайрадан толуктап, иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган. 

“ПолитКлиника” медиасы “Детектор” берүүсүнүн алкагында ушул мыйзам долбоорунун талаштуу беренелери кандай болуп өзгөртүлгөндүгүн, жумушчу топтун сунуштары эске алындыбы же жокпу, анализдеп көрдү.

ЖКнын транспорт комитети аталган мыйзам долбоорун жактырды

Аталган мыйзам долбоору, 11-февралда Жогорку Кеңештин транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитети тарабынан каралып,  жактырылды. Жыйында мыйзам долбоорунун баяндамачысы катары маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев сөз сүйлөп, маалымат каражаттарын каттоонун, алардын ишмердүүлүгүн токтотуунун, маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн, ЖКМнын ишмердүүлүгүн уюштуруунун ченемдерин жана журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгү менен байланышкан башка дагы ченемдерди иретке келтирүү сунушталып жаткандыгын айтты.  

Глобалдаштыруу жана медиа чөйрөсүндөгү жаңы технологиялар тездик менен жайылып жаткан шартта ЖМКлар жөнүндө КРнын мыйзамын колдонуудагы редакциясы орчундуу толуктоолорду талап кылат. ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамдар сөз эркиндигин жана маалыматтык коопсуздукту кепилдөө менен медианын иштешине ыңгайлуу шарттарды түзүшү абзел. Пикирлердин көп түрдүүлүгүнө жана анык маалыматтарды жайылтууга шарт түзүү, журналисттердин укуктарын коргоо, алардын көз карандысыздыгын камсыз кылуу. Ошондой эле, маалыматтык коопсуздукка, коркунучтарга ыкчам чара көрүүгө механизмдерди түзүүчү мыйзамдар журналисттер үчүн так эрежелер менен ченемдерди белгилеши керек” деди министрдин орун басары Марат Тагаев.

Ошондой эле Марат Тагаев, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда салттуу жалпыга маалымдоо каражаттарын гана эмес, интернет басылмаларын дагы камтыган бир нече жоболор каралгандыгын айтты. 

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев аталган мыйзам долбоорунун азыр кереги жок экендигин билдирди. 

Азыр бул мыйзамды жаңылатыштын эмне кереги бар? Эмне берет? Кандай тартипти алып келет журналисттерге? Же жаман иштерге кандай тоскоолдук берет? Маданият министрлиги өзүлөрү штраф сала турган ишти издеп жүрөт окшойт. өткөндө дагы, “Маданият министрлиги штраф салат” деп мыйзам долбоорун алып келдиңер, дагы жакшы, аны токтотуп койдук. Ушул Маданият министрлиги Ички иштер министрлиги менен адашып атат окшойсуңар” дейт депутат.

Талаштуу мыйзам долбоору

Эми сунушталып жаткан мыйзам долбооруна кеңири токтолуп кетсек, “компромисттик вариант” делген документ 2023-жылы парламенттин кароосуна келип түшкөн. Бирок, жарандык коом, журналисттер тарабынан кызуу талкууланып, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан сын-пикирлер айтылган. Мындан улам президент Садыр Жапаров жарандык коом жана журналисттер менен жолугушуу өткөрүп, жаңы мыйзамды кайра карап чыгуу боюнча тапшырма берген. 

Андан соң, мыйзам долбоору артка кайтарылып, аны кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн.

Буга чейинки мыйзам долбоорунда, ЖМКлар мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана ишин баштай турганы жазылган. Ошондой эле, маалымат каражаттары Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүш керектиги каралган.  Мына ушул сунуштар буга чейин талаш-тартыш жаратып келген. 

Мурда кандай эле, азыр кандай болуп өзгөрдү?

Талкуу жараткан мыйзам долбоору, андагы өзгөртүлгөн беренелерге “Медиа Полиси” институтунун адвокаты Нурбек Сыдыков кеңири токтолду. 

Долбоордун баштапкы вариантында жалпыга маалымдоо каражаттарынын, журналисттердин айрым бир укуктары жакшы жазылбай калган. Практика жүзүнө келгенде кемсинтүүлөр болуп калышы мүмкүн болчу. Азыркы иштеп жаткан мыйзам 1995-жылы кабыл алынган. Ошол бойдон айрым эле өзгөртүүлөр киргизилип, айрым учурда практикада көптөгөн суроолорду жаратып калчу. Бирок, биз буга чейин мыйзамды азыр өзгөртүш керек деген шашылыш жок деп айтып жүргөнбүз. Мыйзам сунушталды, анын үстүнөн жумушчу топ иштеди. Биз дагы бул мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп, сунуш беришибиз керек. ЖМКлар дегенде, ошол эле мыйзам менен иштейбиз дегенден дагы алыс болуш керек. Себеби, массалык маалымат каражаттарынын укук талаасы бул мыйзамдан дагы көбүрөөк”.

Мыйзам долбоорунун бул вариантында мурда журналисттер көбүрөөк кооптонгон жерлерине өзгөртүүлөр киргизилди. Мисалы, журналист интервью алыш үчүн ар бир мамлекеттик мекемелерден аккредитациядан өтүш керек деген норма алынып салынган.

Мындан сырткары, интернет басылмалары милдеттүү түрдө камлекеттик каттоодон өтүш керек деген талап алынып салынып, ыктыярдуу түрдө каттоодон өтүү мүмкүнчүлүгү калтырылды. 

Мурда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, мыйзамдын бул жолку вариантында Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтөт. Ошондой эле, мамлекеттик органдардан маалымат алуунун жол-жобосу иштелип чыкты. Эгерде маалымат каражаты Юстиция министрлигинен каттоодон өтсө, мамлекеттик органдар алардын суроосуна үч күндүн ичинде жооп берүүсү керек. Эгерде тактоо зарыл болсо, 14 календардык күн ичинде маалымат бериши керек. Бирок бул тууралуу мамлекеттик орган маалымат каражатына алдын ала эскертиши зарыл.

Буга чейин маалымат тармагын тейлеген Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин айрым бир мыйзамсыз аракеттерге барган басылмаларга эскертүү берүү мүмкүнчүлүгү жок болчу, бул жолу мыйзамдын 5-беренесинин 1-пунктун бузган маалымат каражаттарына эскертүү берүү мүмкүнчүлүгү кирген.

Массалык маалымат каражаттарынын, журналисттердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу ушул мыйзам долбоору менен гана чектелбейт. 2021-жылы кабыл алынган “Анык эмес” маалыматтан коргоо мыйзамына ылайык, жалган маалымат таратуу жөнгө салынат. 

Эсиңиздерде болсо, “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо” мыйзамы кабыл алынып жатканда, медиакоомчулук ага каршы чыккан эле.  Ал ЖКнын ошол кездеги депутаты Гүлшат Асылбаеванын “Фейктерден коргоо” мыйзамы катары дагы белгилүү. Алгач демилгечилер аны фейктер жана фейк маалымат менен күрөшүү чарасы катары сунушташкан. 

Мыйзам кабыл алынганы менен фейктерге каршы күрөшүү механизмдери иштелип чыккан эмес. Анткени троллдор, фейк фермалар иштеген, фейк тараган интернет жана социалдык тармактарды ​​жөнгө салуу мүмкүн эмес. Жыйынтыгында мыйзам ЖМКга каршы иштеп баштады. Мисалы, “Азаттык”, Клооп, Res Publica медиаларынын сайттары бөгөттөлсө, “ПолитКлиника” жана 24.kg’нин сайттарын бөгөттөө аракеттери болду. 

Жыйынтыктап айтканда, «Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоору боюнча талаш-тартыштар коомдогу сөз эркиндигинин маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөттү. Мыйзамдын кайра каралып, прогрессивдүү вариантта кабыл алынышы, демократиялык коомдун өнүгүшүнө салым кошору шексиз.

Коллаж сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты