#Детектор: АКШ чет өлкөлөргө грант жана насыяларды берүүнү токтотту. Кыргызстан үчүн кесепети кандай болот?
АКШнын президенти Дональд Трамп, «АКШнын тышкы жардамын кайра баалоо жана кайра берүү жөнүндө» буйрукка кол койду. Документ АКШнын бардык тышкы жардам программаларын 90 күнгө токтотууну талап кылат.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, бул чечим каралып жаткан жардам көрсөтүү программаларынын натыйжалуулугун жана өлкөнүн тышкы саясатына шайкештигин баалоо үчүн кабыл алынган.
Ага ылайык, АКШнын Мамлекеттик департаменти 24-январда Израил менен Египетке аскерий жардам көрсөтүүдөн тышкары бардык чет элдик жардам программаларын токтотту.
«ПолитКлиника» медиасы “Детектор” берүүсүнүн алкагында АКШнын президенти Дональд Трамптын чыгарган буйругу Кыргызстанга кандай таасирин тийгизе тургандыгын анализдеп көрдү.
Аталган буйруктун күнгөй-тескейи
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 25-январдагы буйрукка ылайык, чет элдик жардамдардын көбүнө төлөмдөрдү 90 күнгө тоңдуруп, жаңы гранттарды берүүнү убактылуу токтотту. Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп бул каражаттарды бөлүштүрүү анын тышкы саясатына туура келеби же жокпу, текшерүүнү тапшырган.
Бирок, 28-январда Вашингтондогу сот АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын бардык федералдык гранттарды жана башка мамлекеттик жардамдардын түрлөрүн тоңдуруу жөнүндөгү буйругун убактылуу бөгөттөгөн. Башкаруу жана бюджеттик кеңсенин көрсөтмөсү күчүнө киргенге аз калганда, судья Лорен Алихан коммерциялык эмес уюмдардын, чакан бизнес ээлеринин жана саламаттыкты сактоо тармагындагы адистердин өкүлдөрү болгон бир нече адвокаттык топтордун доо арызын канааттандырып, убактылуу буйрук чыгарган.
Судья өз чечимин Ак үйдүн буйругун «орду толгус зыян келтирүү коркунучу бар» деп негиздеген. Ошондой эле, «Өкмөт тоңдурула турган программалардын толук көлөмүн билбейт», — деген судья.
Америкалык маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Трамптын чечими башка нерселер менен катар университеттик гранттарга, чакан бизнес үчүн насыяларга, айлана-чөйрөнү коргоо долбоорлоруна жана гендердик ар түрдүүлүккө колдоо көрсөтүүгө да тиешелүү.
АКШдан Кыргызстан акыркы жылдары 1 миллиард 363,8 миллион доллар алган
Дональд Трамптын буйругунун негизинде жардам тоңдурулган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан дагы бар. АКШ Кыргызстанга ар кандай программалар аркылуу жардам көрсөтүп келет. АКШ өкмөтүнүн Кыргыз Республикасындагы жардамынын максаттары демократиялык институттарды чыңдоо, кеңири экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү колдоо, аймактык коопсуздукту чыңдоо, адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн урматтоону жогорулатуу, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы өнүгүү көйгөйлөрүн чечүү болуп саналат.
Бирок, АКШнын президентинин чет өлкөлөргө грант жана насыяларды берүүнү токтоткондугу тууралуу социалдык тармактарда ар кандай пикирлер жазылып келет. Айрымдары, “токтоткону жакшы болуптур” десе, “АКШнын колдоосу Кыргызстан үчүн маанилүү” деп жазгандар дагы жок эмес. Мисалы, Өткүрбек Рахманов аттуу Фейсбук колдонуучусу өзүнүн баракчасына төмөнкүдөй пикирин калтырган:
“Курултайда айтылгандай максатсыз каржылоо деп саналгандыктан Госдеп тышкы каржылоону токтотту. Антпесе, Госдеп эмес, Балекетдеп болсо дагы, биздин НПОчулар, “Эркин медиалар”, “Эркин журналисттер”, “Иликтегичтер”, “Укук коргогучтар”, “Эксперт чалыш болуп талдагычтар” деги койчу, Американын “нанын” жеш үчүн кыргыздын “канын” төккөнгө даярлардын баары бүгүн госдептин кыйындарын жөн эле сууга алып барып, сугарбай кайра алып келип эле күн көрүп жүрүшөт. Мындайларды “профессионал мошенниктер” деп атаган эле туура болот го. Байденди го алдашты, эми Трампты кантишер экен, көрөбүз го…”
Ооба, бул сыяктуу “Батыштан каржыланган медиалар, укук коргоочуларга ырас эле болуптур” деген сыяктуу пикирлер дагы бар. Бирок, аларды мамлекеттин дагы айрым маанилүү социалдык, билим берүү тармагындагы, саламаттыкты сактоо тармагындагы, айыл чарба багытындагы долбоорлору токтоп жаткандын унутпайлы.
Мисалы, АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий маалыматы боюнча, 2001-жылдан 2024-жылга чейин Кыргызстанга 1 миллиард 363,8 миллион доллар каражат бөлгөн.
Жардамдын негизги бөлүгү АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (ЮСАИД) аркылуу келген. Алардын айрымдарын санап өтөлү, ЮСАИД аркылуу Кыргызстанда Саламаттыкты сактоо тармагына, тагыраагы кургак учукка каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча программаны колдоого 4 млн 600 миң доллар, пандемиялык грипп жана башка жаңы пайда болгон эпидемияларга каршы күрөшүүгө 3 271 576 доллар, ВИЧ/СПИДке каршы күрөшүү үчүн 2 434 583 доллар, айыл чарба багытына 2 млн 50 миң доллар, сот системасынын жана башка негизги мамлекеттик институттардын ачыктыгын жана отчеттуулугун күчөтүүгө 2 млн доллар каражат каралган.
АКШ каржылоосунун негизги бөлүгүн өкмөттү жана жарандык коомду өнүктүрүүгө, бизнеске, саламаттыкты сактоого, айыл чарбага жана билим берүүгө жумшалат. Ошондой эле, эң жакыр аймактарга басым жасоо менен Кыргызстандагы жумуш орундарын түзүүнү жана экономикалык өсүштү колдоп келет.
Кыргызстанга быйыл канча каражат пландалган?
АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтындагы маалыматка таянсак, Кыргызстан үчүн 2025-жылга жалпысынан 39,6 миллион доллар суралган. Анын ичинен эң көп сумма Европа, Евразия жанан Борбор Азияга жардам көрсөтүү программасынын алкагында берүү пландалган. Бул каражат жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө, билим берүү жана социалдык кызматтардын сапатын жакшыртууга жана ишканаларга экспорттук рынокторду диверсификациялоого жумшоо пландалган.
Анын ичинен негизги сумманы — 24,3 миллион долларды Европа, Евразия жана Борбор Азияга жардам программасынын алкагында берүү пландалып жаткан. Бул каражатты экономиканы өнүктүрүүгө жана демократияны бекемдөөгө, адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого жумшоо пландалган.
Ошондой эле, каражат билим берүү тармагына: заманбап экономикага ыңгайлашкан жумушчу күчүн даярдоого, жаштардын арасында критикалык ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүүгө жана аялдардын ишкердик активдүүлүгүн жогорулатууга, массалык маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын чыңдоого жана калктын активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
“Мурдагыдай көлөмдө жардам программалары болуусу мүмкүн эмес, кескин азайуусун күтүш керек”
Саясат талдоочу Эмил Жураев мурдагыдай көлөмдө жардам программалары болуусу мүмкүн эмес, кескин азайуусун күтүш керек деген пикирде:
“АКШ бийлиги бул чечимин мамлекеттик чыгымдарды, сарптоолорду оптималдаштыруу максатында кабыл алып, бардык чыгымдарды кайрадан карап чыкмакчы болушту. Бирок, максат ошондой болгондон кийин, албетте, мурдагыдай көлөмдө жардам программалары 90 күндөн кийин болуусу мүмкүн эмес, кескин азайуусун күтүш керек. Кыргызстанда АКШ тарабынан каржыланган көп программалар бар, ЮСАИД тарабынан, башка бир топ мамлекеттик мекемелер тарабынан келет. Коопсуздук жаатында да, терроризмге каршы, наркотраффикке каршы, мисалы. Анан, албетте, жалпыга белгилүү саламаттык сактоо, туризм, айыл-чарба, айлана-чөйрөнү сактоо жана башка көптөгөн тармактарда”.
Ал эми бийлик жактырбаган темалар боюнча келген жардамдын кичинекей эле бир бөлүгү экенин айтат:
“Саясатчылар, бийлик жактырбаган адам укуктары боюнча, жарандык коом, демократия, мыйзам үстөмдүгү, билим берүү сыяктуу темалар боюнча келген жардамдар жалпы көлөмдүн кичирээк эле бир бөлүгү” дейт Эмил Жураев.
Коллаж-сүрөт: «ПолитКлиника»