Депутаттар  парламентте Бишкектеги суу көйгөйүн көтөрдү

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 7-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Дастан Бекешев жана Улан Примов Бишкектеги суу көйгөйү боюнча маселени кароо керектигин, мэрди чакырып, анын себебин билүү керек экенин билдирди.  

Дастан Бекешев мындай деди:

-Бишкекте суу өтө чоң проблема болуп жатат. Чындыгында мэрияны уксак. Эл бул маселени көтөрүп жатат. Мен бул маселени үчүнчү жума көтөрүп жатам, бирок жылыш жок.  Же мэрия карабайт, же мэрияда отурум болбойт, же кененирээк маалымат берилбейт. Качан ушул проблема чечилет? Же проблема өзү чечилбейт, тескерисинче күн сайын оорураак болуп жатат. Ушул маселе боюнча Жогорку Кеңеште уксак, суу маселеси боюнча эмне болуп жатат? -деди Бекешев.

Бул маселени депутат Улан Примов да колдоду.   

-Биз суунун башында туруп, суу маселе болгону бул орчундуу нерсе болгондой. Бишкек шаарынын тегерегинде бир жумадан бери суу жок. Элде суу боюнча нааразычылык күч болууда. Жогоруда кесиптешимди колдоп,  мэрди чакырып, суу маселесин эмнеге алдын-ала көрүшкөн жок, эмнеге ушундай кырдаал түзүлүп жатат, ошол боюнча маалымат угуп койсок туура болот деп мен колдоп кетээр элем, -деди Улан Примов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты