Депутат Жусупбек Коргонбай уулу кырсык болгон имаратка тиешеси тууралуу түшүндүрмө берди

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Бишкек шаарында бир жак капталындагы дубалы ураган имаратка тиешеси тууралуу түшүндүрмө берди. Анда ал имаратты куруп жаткан «KG Восток Сервис« компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгонун, саясатка кетип, депутаттык мандат алгандан тартып аны өткөрүп бергенин билдирди.

«Кырсык каш-кабактын ортосунда экен, биринчиден, жабыр тарткан адамдарга бардык жагынан курулуш мекеме жардам берүүсүнө үгүттөйбүз»,- деп жазылат анын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 27-март жекшембиге караган түнү Бишкектин Жаш Гвардия көчөсүндөгү жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, жанындагы эки кабаттуу турак жайдын чатырын тешип кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги анда үч адам жаракат алганын кабарлаган. Учурда иликтөө иштери уланып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты