«Депутат Нарматова өзүн өзү сотко берсин». МедиаХабдан жооп

  • 11 месяцев мурун

“МедиаХабдын”  жетекчиси Али Токтакунов Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын журналист Асел Шамилованы сотко берээри тууралуу айткандарына жооп берди.  

-Бүгүн ЖК жыйынында депутат Надира Нарматова биздин журналист Асель Шамилованы сотко берем деп чамынып чыкты. Ал кечээ жарыялаган видеобузга катуу чычалап атат.

Мен командировкада элем, Нарматовага байланыштуу фактчек дагы жумшагыраак болуп калыптыр. Мындан да катуу сынга арзый турган депутат өзү. Элге пайдалуу бир дурус сунушун көргөн эмеспиз. Качан караба ууру-коррупционерлерди коргоп, бийликке кошомат кылып, журналисттерге, иликтөөчүлөргө, укук коргоочуларга каршы пикир таратып, “депутаттардын байлыгын чукубагыла, депутаттарга көбүрөөк шарт түзгүлө” ж.б. деп жүргөнү жүргөн.

Уулдары бажычы экени, бири коррупцияга шектелип кармалганы, Орусия менен байланышы, орустардын мыйзамын 98% көчүрүп алып бизге таңуулап жатканы, шайлоого катышып транформатор таратканы, Райымбек Матраимовду жан алы калбай мактаганы эч жалган эмес. Демек сотко бергиси келсе өзүн берсин))

Биз кандай гана доосу болбосун жооптошконго даярбыз. Ууру-жемкорлорду, аларды мактап табакташ болгондорду, элди соргон мителерди безге сая бериш керек. Ал үчүн соттошуунун өзү сыймык.

Башкасы мейли, бүгүнкү сөзүндө Нарматова “көзү өтүп кеткен балама чейин жалаа жаап” деп бизди айыптап атат. Кудайды караса боло. Биз видеодо тек гана Нарматованын өмүр баянын айтып жатып “2021-жылга чейин “Мээримбек” кайрымдуулук фондун жетектеген” деп бар нерсесин белгиледик. Ал көзү өткөн уулунун атын колдонуп манипуляция кылып, калп айтпаса болмок. Уулунун арбагын сыйлабайбы, -деди Али Токтакунов.  

Бүгүн, 15-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Надира Нарматова коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун кайтарып албай турганын жана ал тууралуу берүү уюштурган журналистти сотко бере турганын билдирди.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө менин жеке аброюма шек келтирип, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, Асел Шамилова деген журналистпи, блогерби, Али Токтакуновдун Ютуб-каналынан материал чыгарып, менин үй-бүлөмө, көзү өтүп кеткен балама чейин, басып өткөн жолумдун бардыгына жалаа жаап, менин саясаттагы ордума, жекече аброюма шек келтирип, соцтармактарга таркатып, мени күнөөлөп жатат,-деди Нарматова.  

МедиаХабдын материалы бул шилтемеде.

19-майда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине” түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Надира Нарматова, Шайлообек Атазов, Шайырбек Ташиев баштаган Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары. 

Сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Надира Нарматова 2021-жылы бийликчил партия “Ата-Журт Кыргызстандын” курамында Жогорку Кеңештин VII чакырылышын депутаты болуп шайланган. Нарматова буга чейин дагы чет жактардан каржыланган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылган. 

Ал эркин ЖМКларга, жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө, кыздардын эркиндигине ж.б. темаларга байланыштуу чуулуу билдирүүлөрдү жасап келгени менен коомчулукка белгилүү. 

Бир катар эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылышты. Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аарлык өнөктөштүк уюму (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча Хельсинки фондусу, Front Line Defenders, Freedom Now, Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Адам укугу үчүн эл аралык федерация  (FIDH), Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Кыйноолорго каршы эл аралык уюму (OMCT).

Аталган уюмдар парламенттин депутаттарын парламенттин кароосундагы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү коркунуч туудуручу жана ойлонулбаган мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштайт.

Былтыр ноябрь айында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетине качан киргизилери азырынча белгисиз.

31-майда парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгууну сунуштаган. 

«Мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдарды чет элдик агент катары эсептөө сунушталууда. Анда коммерциялык эмес уюмдардын көбү жабылат. Бул мыйзам долбоорун кайра карап чыгыш керек, көп уюмдар жабылып же өлкөдөн чыгып кетишет. Эгер мыйзам бузуу болсо, биздин ишибизге киришсе, башка механизмдер бар» деген Бекешев.

Мыйзам долбооруна демилгечи болуудан бир канча депутат баш тарткан.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты